Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:32

БУУнун чечими боюнча бүгүн дүйнөлүк тамак-аш күнү белгиленди


Буга байланыштуу Римде чогулган Улуттар уюмунун Тамак-аш программасынын өкүлдөрү дүйнө жүзүндөгү ачарчылык жана адамдардын туура тамактануусу проблемаларын талкуулап жатышат. Аталган программанын жетекчиси Жэймс Моррис эл аралык коомчулук дүйнөдө тамак-аш жетишсиздигинен жабыркап жаткан адамдардын 90%ын көңүл сыртында калтырып жатканын белгиледи. "Элдин баары Судандын Дарфур чөлкөмүндө кишилер ачарчылыктын азабын тартып жатканын билишет, ошол эле убакта Азербайжан, Шри Ланка, Тажикстанда кезерип ачка отурган балдар жөнүндөгү кабарлар бизге качан акыркы ирет учурады?" – деген суроо койду Улуттар уюмунун өкүлү. БУУнун маалыматы боюнча, ушу тапта дүйнөдө 800 млн. дой адам тамак-аш тартыштыгынан жабыркоодо.


Венера Сагындык кызы, Прага.

XS
SM
MD
LG