Кечээ ал мусулмандардын ыйык Рамазан айы башталганына байланыштуу токтотулган. Ага чейин 60 миңдей бюллетень эсептелип бүткөн, аларга ылайык, утурумдук президент Хамид Карзай добуштардын 72%ын ээлеп, алдыда келе жатат. Өлкөнүн мурдагы билим берүү министри Юнус Кануни 11% менен экинчи орунда, өзбек генералы Достум 9% менен 3-сапта келатат. Шайлоонун соңку жыйынтыктары октябрдын аягында жарыяланары күтүлүүдө.