Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

ЧЕЧЕНСТАН ДҮЙНӨНҮН МИНАДАН АЙРЫКЧА ЖАПА ЧЕККЕН АЙМАГЫ


Келерки айда Кениянын борбору Найробиде жер миналарына тыюу салуу маселесине арналган дүйнөлүк жыйын өтөт. Ал эми Жер миналарына тыюу салуу боюнча эларалык кампания деп аталган бейөкмөт уюм өзүнүн келерки айда жарыялануучу жылдык отчётунда тынчызданууну жараткан өлкө катары - Орусияны бөлүп көрсөтүүнү белгилөөдө. Себеби аталган уюм согушкерлер менен кагылышуулар уланып жаткан Чеченстанды дүйнөнүн минадан айырыкча жабыр чеккен чөлкөмү деп эсептейт.

Жер миналарына тыюу салуу боюнча эларалык кампания деп аталган уюм 1997-жылы Нобель Тынчтык сыйлыгына татыктуу болгон. Аталган уюмдун эсебинде, маселен, 2002-жылы Чеченстанда минага кабылып каза тапкан же жаракат алгандардын саны дээрлик 6000 адамга жетти. Былтыр да Чеченстанда минанын курмандыктарынын саны дүйнөнүн башка аймактарындагыдан көп болду. Ошол эле учурда чечен бийликтери жогорудагыдай маалыматтарды апырткандык катары баалашкан болчу.

Келерки айда миналарга тыюу салууга арналып, Кениянын борбору Найробиде өтө турган саммитте төрагалык кылуучу австриялык дипломат Вольфганг Петритчтин айтымында, Чеченстандагы жагдай көп кооптонууларга жүйөө боло алат. Ал жакында "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна берген интервьюсунда мындай деген эле:

-Чеченстан - дүйнөнүн минадан айрыкча жапа чеккен аймагы жана менимче муну чындап эле саясий маселеге айлантуу, Москвадагы өкмөт менен сүйлөшкөндөр президент Путин мырзага жардам, колдоо алууга макул болушу канчалык маанилүү экендигин, миналардан козголоңчулар гана жабыр тартып жаткандыгын айтуусу зарыл. Адатта баардык жерлерде, өзгөчө Чеченстанда, бул ыплас согушта жер миналарынын негизги курмандыктары - чарба жумушу менен алекетенген жөн-жай адамдар, аялдар, балдар.

Орусия АКШ, Кытай, Пакистан сыяктуу эле миналарга тыюу салуу боюнча эларалык конвенцияга кошулган эмес.

Тынчызданууну жараткан өлкө катары Орусияны келерки айда жарыялануучу отчётунда миналарды тыюу салуу боюнча эларалык кампания деп аталган бейөкмөт уюм да бөлүп көргөзүүнү белгилөөдө.

Документти даярдап жаткан топтун координатору Мэри Увехрамдын айтымында, Чеченстан боюнча цифраларда минадан же башка жагдайда жаракат алгандарды айырмалоодогу кыйынчылыктардан улам туура эместиктер болушу мүмкүн. Былтыр бул жерде минандан жабыр тарткандарды саноодо миңдиктер жүздүктөр менен алмаштырылды. Бирок абал оор бойдон калууда. Чеченстандын аймагына орус аскерлери тарабынан миңдеген миналар көмүлгөн, аларды чечен согушкерлери да активдүү пайдаланып жатат. Ал эми мина тазалоо иштерине гуманитардык уюмдар аралаштырылган жок:

-Биз Орусиянын армиясы мина тазалоо иштерине тартылганын билебиз. Алар минаны качан тапкан учурда гана зыянсыздандырат. Бирок мында, өзгөчө жөн-жай адамдар жүрүүчү аймактарда көмүлгөн миналарды түгөл зыянсыздандыруу багытында кандайдыр бир системалуу, олуттуу аракет жасалган жок. Мина тазалоо менен аскерлер гана эмес, гуманитардык уюмдар да аракеттениши зарыл. Ушул нерсе Чеченстанда жүрбөй жатат жана бул - чоң проблема.

Мэри Увехрам белгилегендей, ошондой эле Чеченстанда минадан жабыр тарткандарды коомго аралаштыруу багытындагы иштерди жүргүзүү үчүн каражат тартыш болууда:

-Бул жерде каражат чындап жетишсиз. Учурда проблеманы чечүү үчүн эч ким акча сарптаган жок. Жер миналарына тыюу салуу боюнча эл аралык кампания Чеченстандагы оор абалга көңүл бурдурууну каалаганынын бир жүйөөсү ушул.

Эларалык "Кызыл Чырым" комитети, БУУнун балдар фонду - Чеченстанда минага байланыштуу долбоорлорду каржылаган саналуу эларалык уюмдардан. Алардын программалары минадан жабыр тарткан адамдарга жардам көргөзүүнү, эгер жаш балдар болуп калса окутууну карайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG