Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:33

Аскар Акаев менен Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү


БИШКЕК. 20-октябрда Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Алар эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу кызматташууларды, анын ичинде коопсуздук тармагындагы алакаларды чыңдоо маселелери боюнча кыска пикир алышышты. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Президенттер Акаев жана Путин ошондой эле жакында Дүйшөмбүдө өткөн Борбор Азия кызматташтык уюмунун саммитинин ишинин жыйынтыктарын оң баалашты.

Белгилүү болгондой, бул жыйында аталган кызматташтык уюмуна Орусия мүчө өлкө катары кабыл алынган. Саммитте Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын өлкө башчылары тарабынан эларалык концорциумдар боюнча концепция жактырылып, терроризмге каршы биргелешип күрөшүү багытында бир катар олуттуу чечимдер кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG