Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Өкмөт 9 айдын жыйынтыгын чыгарды


БИШКЕК. "Өткөн 9 айдын ичинде Кыргызстанда экономикалык көрсөткүчтөр жогорулап, макроэкономикалык абал турукташты. Макулдашылган акча-кредиттик жана салык-бюджеттик саясаттын жүргүзүлүшүнүн натыйжасында инфляция төмөнкү деңгээлде кармалды". Бул тууралуу премьер-министр Николай Танаев өлкөнүн 2004-жылдын 9 айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары талкууланган бүгүнкү жыйында маалымдады.

Жыйында 9 ай ичинде мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 14 млрд. 700 млн. сомду, ал эми чыгаша бөлүгү 10 млрд. 700 млн. сомду түздү. Экспорт өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу 41 пайызга, ал эми импорт 38 пайызга жогорулады деген маалымат айтылды.

КМШ өлкөлөрү менен болгон соода жүгүртүүнүн көлөмү да өстү делет өкмөттүк отчёттордо. Алсак, Россия жана Казакстан менен болгон соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,5 эсеге, Тажикстан менен соода жүгүртүү 2 эсеге жогорулады.

"Ички дүң продукт өткөн жылдын 9 айына караганда 7 пайызга өстү. Өлкөдө өнөр жай өндүрүшү 9 пайызга, айыл чарба продукциясын өндүрүү 4 пайызга жогорулады" деп айтылат өкмөт жыйынынын маалыматында.

XS
SM
MD
LG