Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

Фаллужада куралдуу эрегиш уланууда


Ирактагы сунни козголоңчуларынын башчысы, "Ал-Каидага" байланышы бар деп шектелген Абу Мусаб ал-Заркавинин кайрылуусу интернетте жарыяланды. Аудиотасмага жаздырылган сөзүндө ал-Заркави Фаллужадагы согушкерлеринин эрдигин мактап, жеңишке аз калды деп ишендирет.

Ал тапта АКШ менен Ирактын өкмөттүк күчтөрү Фаллужаны дээрлик толугу менен өз көзөмөлүнө өткөрүп алганын билдиришти, аскерлер үймө-үй тинтип, согушкерлер менен алардын курал-жарагын издеп жатышат.

"Ройтерс" агенттиги шаардын айрым аймактарында козголоңчулар каршылык көрсөтүүнү улантып жатканын билдирди. Өткөн түнү АКШнын согуштук авиациясы Мосул калаасына чабуул койду, ушул аптада ал жерде полиция бөлүмдөрүнө кол салуулар болгон. Мосулда АКШнын бир аскери курман болгону, Киркукта полиция түйүнүнө козголоңчулар кол салганы кабарланды.

Ирактагы Кызыл чырым коому Америкалык командачылыкка жана Ирак өкмөтүнө кайрылып, Фаллужадагы ооруканага өзгөчө кырдаалда иштей турган дарыгерлер тобун жөнөтүү, уруштардан запкы тарткан шаар жашоочуларына суу, тамак-аш, дары-дармек жагынан жардам берүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылды.

XS
SM
MD
LG