Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Палестин автономиясында адилет шайлоо өткөрүү үчүн Израил баардык шарттарды түзөт


ВАШИНГТОН. Израилдин тышкы иштер министри Сильван Шалом Палестин автономиясында шайлоонун калыс жана эркин өтүүсү үчүн анын өлкөсү колдон келген баардык шарттарды түзө турганын билдирди.
- Биз палестиндердин эркин жана адилет шайлоо өткөрүүсүнө шарт түзөбүз. Шайлоо 9-январда өтүшү мүмкүн. Палестиндерге жаңы жетекчиликти шайлоо үчүн баардык мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Жаңы жетекчиликтин тынчтыкты карай жылыш жасоосун каалайбыз, - деди Шалом.
Шалом кечээ Вашингтондо АКШнын кызматтан кетип жаткан мамкатчысы Колин Пауэл менен сүйлөштү. 9-январда палестиндер өткөн бейшембиде дүйнөдөн кайткан Ясыр Арафаттын ордуна жаңы президентти шайлашат.

XS
SM
MD
LG