Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:55

24-май: Зеленский "Азаттыктын" суроосуна жооп берди, Таласта үрөй учурган кылмыш болду


24-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Таласта келин эки баласы менен киши колдуу болду

24-майга караган түнү Талас облусунда үрөй учурган кылмыш болду. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, Айтматов районунун Ак-Башат айылында 27 жаштагы келинди жана анын төрт жаштагы кызы менен эки жаштагы уулун кайнагасы мыкаачылык менен өлтүргөн деп шек саналууда. Чыр буга чейин шектүү менен маркум келиндин жолдошу, өзүнүн инисинин ортосундагы мүлк талашка байланыштуу болгон. Милиция 48 жаштагы тургунду кармоо учурунда жок кылды. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен иликтенип жатат.

Жетигендин кыйноого кабылганы тууралуу арызын иликтөө уланууда

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы эки айдан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан акын жана активист Аскат Жетигендин УКМКнын Бишкек шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганы тууралуу арызы боюнча иликтөө иштери улантылып жатканын билдирди. Ишти Аскер прокуратурасы териштирүүдө. Аскат Жетиген УКМКнын шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын 23-майда сотто көрсөтмө берип жатып айткан. Жаза аткаруу кызматы №1 тергөө абагында камакта отурган активистке бул мекемеде күч колдонуу болбогонун кабарлаган. “Бийликти басып алууга чакырык жасоо”, “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси менен шек саналып жаткан Аскат Жетиген 20-марттан бери камакта жатат. Ал коюлган айыптарды четке каккан.

ИИМге тополоңго байланыштуу 266 маалымат түшкөн

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдиктер сабалган тополоңго байланыштуу милицияга жалпы 266 маалымат түшкөнүн билдирди. Бишкек менен Чүйдө чет элдиктер жашап, иштеген жалпы жети жайга кол салуу болгон. Анын ичинен адамдар Бишкекте чет элдик студенттер жашаган алты жатакана жана мейманкаларга кирип башаламандык кылып, чет өлкөлүктөрдү уруп-сабаган. Чүйдүн Аламүдүн айылында тигүү цехинде жашап иштеген Индиянын, Бангладештин жана Пакистандын жарандарына да кол салуу болгон. 13-18-майга караган түндөрү болгон окуялар боюнча 20га жакын адамга айып коюлуп, 12 кылмыш иши козголгон.

Мыйзамсыз миграцияда жүргөндөргө 14 млн сом айып салынды

Расмий маалымат боюнча, быйыл Кыргызстанда мыйзамсыз миграция боюнча 79 факты катталган. Ага байланыштуу 81 иш сотко жиберилген, анын экөө өткөн жылдан калган иш. Миграция жаатында жалпысынан 3 357 укук бузуу катталган. Мунун ичинен 2 478 иш чет өлкөлүк жарандарга байланыштуу жана аларга 14,4 млн сом айып пул салынган. Бул өткөн жылга салыштырганда 2 млн сомго көп. Андан тышкары быйыл жыл башынан бери 22 адам соттун токтомунун негизинде Кыргызстандан чыгарылган.

Зеленский Тынчтык саммитинде козголо турган үч негизги маселе тууралуу айтты

Украин президенти Владимир Зеленский Швейцарияда 15-16-июнда өтө турган Тынчтык саммитинде көтөрүлө турган үч негизги маселени атады. Өзөктүк, энергетикалык коопсуздук, азык-түлүк коопсуздугу жана гуманитардык пункттар, бир гана туткундарды айырбаштоо эмес, Орусия күч менен чыгарып кеткен балдардын кайтарылышы да каралат. Украин президенти Москва лидерлердин бул саммитке келишине тоскоолдук жаратып жатканын кошумчалады. Украин лидери Харьков шаарында борборазиялык журналисттер үчүн уюштурулган брифинг маалында “Азаттыктын” кабарчыларынын дагы суроолоруна жооп берди.

Зеленский Борбор Азия лидерлерине кайрылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:22 0:00

Баку Армения менен чек арадагы төрт айылга көзөмөл орнотту

Армения менен Азербайжандын ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо тууралуу жаңы макулдашуунун алкагында Баку аймактагы Баганис Айрум, Асаги Аскипара, Хейримлы жана Гызылгаджылы айылдарына расмий көзөмөл орнотконун 24-майда жарыялады. Алар мындан ары Азербайжандын Казак районуна карайт. Баку менен Ереван чек аранын кайсы бир тилкесин демаркациялоо келишимине жетишкени 19-апрелде кабарланды. Советтер Союзу учурунда Азербайжанга тийиштүү бул айылдарды 1990-жылдардын башынан бери Армения көзөмөлдөп келген.

АКШ "чет элдик агент" мыйзамынан улам грузин бийлигине санкция салат

23-майда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдиргендей, "Грузияда 2024-жылдын октябрь айында өтө турчу шайлоо алдында, учурунда жана андан кийин, дегеле демократиялык жараяндарга жана институттарга тоскоолдук жараткандар АКШга кирүү үчүн виза алуу укугунан ажыратылат. Мындай адамдардын жакынкы үй-бүлө мүчөлөрү дагы ушундай эле чектөөлөргө кабылат". Миңдеген жарандын каршылыгына карабай грузин парламенти "чет элдик агент" тууралуу мыйзамды 14-майда үчүнчү окууда жактырган. Президент Саломе Зурабишвили документке 18-майда вет койгон. Анткен менен парламентте көпчүлүктү түзгөн "Грузин кыялы" партиясы аны жокко чыгаруу аракетин көрүүдө. Орусиянын мыйзамына окшош деп сынга алынган талаштуу мыйзамга каршы демонстрациялар Грузияда бир айдан бери уланууда.

Тоолуу Бадахшанда ондогон кишилер кармалганы кабарланды

Pamir Inside жана Azda TV басылмалары өз булактарына таянып жазганына караганда, Тажикстандын улуттук коопсуздук кызматы соңку күндөрү Тоолуу Бадахшан автоном облусунун 50дөй тургунун диверсияга шек санап кармап кетти. Маалыматка караганда, кармоолор 16-майда эле башталган. "Жамак айылынан кеминде 20, ал эми Андарбактан 15 тургунду кармап, Дүйшөмбүгө алып кетишкен. Ошондон бери алардан дайын жок", - дейт Pamir Inside басылмасына сүйлөп берген тургун. Azda TV коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү кармалгандардын жанынан курал-жабдык табышканын кабарлады. Тажик бийлиги кармоолор тууралуу расмий үн каткан жок. 2022-жылы май айында Тоолуу Бадахшандагы бийликке каршы нааразылык толкунун басуу учурунда расмий маалыматтар боюнча кеминде 16 киши набыт болгон. “Азаттыктын” тажик кызматынын журналисттери 34 адам өлгөнүн тактаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG