Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:50

Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши Африкада көчмө жыйынга чогулду


Африканын Кения мамлекетине келген Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан бүгүн Найроби шаарында Коопсуздук Кеңешинин көчмө жыйынын өткөрүп, кошуна Судандын Дарфур аймагындагы абалды жөнгө салуу боюнча шашылыш чара көрүү керек экенин билдирди. Саммит эки күнгө уланат жана акыркы 14 жылдын ичинде Коопсуздук Кеңеши өз жыйындарын Нью-Йорктон тышкары өткөргөн эмес. Дарфурдагы куралдуу кагылышуулар бир жарым жылдан бери уланууда жана 70 миң киши өлүп, бир жарым миллион адам кошуна өлкөлөргө качууга аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG