Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

23-ноябрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча 23-ноябрда Кыргызстанда ала булут каптап турат. Жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалалабад, Баткен облустарынын кээ бир жерлерине туман түшөт.
Абанын температурасы:
ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн –3 градус сууктан +2 градуска жылуу, күндүз +11…+16 градус.
ТАЛАС аймагында түнкүсүн 0…-4 градус суук, күндүз +9…+14 градус жылуу.
Республиканын ОШ, БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17 градус.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн 0…-3 градустун айланасында суук болот, ал эми күндүз абанын жылуулугу +7 ден…+12 градуска жылыйт.
НАРЫН дубанында түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз +5…+10 градус жылуу.
Ордо калаа БИШКЕКТЕ күн ачык болот. Абанын температурасы күндүз +13…+15 градус жылуу болушу күтүлүүдө.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG