БИШКЕК. 21-декабрда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны Токтобүбү Айтикееваны вице премьер министр кызматына, Акылбек Жумабаевди Мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин төрагалыгына, Жогорку, райондук, облустук сотторго бир катар судьяларын дайындоого макулдук берди. Добуш берүү жашыруун түрдө болуп, анда Айтикееваны колдоп, 25 депутат добуш берди. Ал эми Акылбек Жумабаев 35 депутаттын добушун алды.