Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Коалиция шайлоо комиссиясынын чечимине нааразы


БИШКЕК. Бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы №1 Университет округдук комиссиясынын чечимин мамлекеттик бийликтин шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө административдик басым жасоосунун тирукмуш далили деп баалады. Коалиция мындай баасын 7-январда тараткан билдирүүсүндө жарыя кылды. Комиссия өз мүчөлөрү толук болбой калды деген себеп менен мурунку чечимин жокко чыгарганы туура эмес деген коалиция мурда Отунбаеваны талапкер деп каттоого «макул» деп добуш берген жети адамдын бир нече сааттан кийин каршы болушу административдик басым деп гана бааланаарын жарыя кылды. Коалиция андан тышкары комиссия Шайлоо кодексинин 73-беренесининин үчүнчү пунктун бузду, буга комиссиянын талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндөгү чечимин 10 күндүн ичинде бербегендиги негиз берет деп билдирди.

XS
SM
MD
LG