Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:04

Хьюман Райтс Вотч Казакстандын бийлигин сынга алды


Ал Казакстандын бийлигин өлкөдөгү башкы оппозициячыл партиянын ишине тыюу салганы үчүн сынга алды. Уюмдун президент Нурсултан Назарбаевге жолдогон ачык катында Казакстандын Демократиялык тандоосу партиясына тыюу салуу өлкөдөгү "саясий плюрализмге урулган сокку" экени айтылган. Өткөн аптада Казакстандын соту прокуратуранын партияны жабуу жөнүндөгү талабын колдогон болчу. Прокуратура Казакстандын демократиялык тандоосу партиясын коопсуздук мыйзамдарын бузганы үчүн айыптаган. Хьюман Райтс Вотчтун пикиринде, соттун чечими 2006-жылдагы президенттик шайлоо алдында Казакстандын саясий оппозициясын алсыратары шексиз.

XS
SM
MD
LG