Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

АКШ ТҮНДҮК КОРЕЯНЫН СУНУШУН ЧЕТКЕ КАКТЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 11-февралда Америка Кошмо Штаттары Түндүк Кореянын бетме-бет сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сунушун четке какты. Вашингтондогу Ак үйдүн басма сөз катчысы Скот МэкЛеннан АКШ андай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө кызыкдар эместигин билдирди. Пресс- катчынын айтымында, Түндүк Кореянын ядролук программасына байланышкан маселе регионалдык проблема, ошон үчүн бул маселени алты тараптуу сүйлөшүүлөрдө талкуулоо талапка ылайык келет. Бейшемби күнү Түндүк Корея ядролук куралга ээ экенин жарыялап, алты тараптуу сүйлөшүүлөргө катышпай турганын билдирген.

Жума күнү кечинде Түндүк Кореянын Улуттар уюмундагы элчиси Түштүк Корей басылмасында берген интервьюсунда:

- Биз алты тараптуу сүйлөшүүлөргө буга ыңгайлуу жагдай түзүлгөндө гана кайтып келебиз. Анүчүн АКШ бизге карата кас мамилесин өзгөрткөнүн ырастап, биз менен түздөн-түз диалог жүргүзүүсү керек,-деп билдирди.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Скотт МэкЛеннан Түндүк Кореянын бул сунушун четке кагып, ядролук программага байланышкан маселе өлкөнүн баардык кошуналарына тийешелүү проблема, ошон үчүн ал алты тараптуу сүйлөшүүдө талкуулануусу керек деп жооп кайтарды:

- Алты тараптуу сүйлөшүүлөр бул маселени дипломаттык жол менен жөнгө салуунун жолу. Түндүк Корея биз менен ошол алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында деле түздө-түз сүйлөшө алат.

Түндүк Кореянын ядролук программасына байлашынкан кризис 2002-жылдын соңунда, Вашингтон Пхеньянды уранды байытуу боюнча жашыруун программаны ишке ашырып жатат деп айыптагандан тутанган. Буга ачууланган Пхеньян ядролук куралдарды таркатпоо боюнча Жалпы келишимден чыгып кетип, ядролук программанын үстүнөн иштөөнү улантканын жарыялаган.

Ага удаа өлкөнүн ядролук обьекттерин текшерип жаткан МАГАТЭнин адистер тобу өлкөдөн чыгарып жиберилген. Пхеньяндын бейшемби күнкү билдирүүсү өлкө ядролук куралды чын эле жасап чыгарганын айгине кылды. Түндүк Кореянын ядролук куралы бар экенин айныксыз тастыктаган тыянактар жок, бирок эксперттер ал кеминде 10 чакты дүрмөт жасап чыгарган болуу керек деп божомолдошот.

Түндүк Кореяны ядролук программасын токтотууга көндүрүү максаты менен Орусия, АКШ, Кытай, Япония, Түндүк жана Түштүк Корей өлкөлөрүнүн катышууусу менен 2003-жылдан бери сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келатат. Бирок азырынча жылыш жок. Сүйлөшүүнүн акыркы айланпасы былтыр июнь айында Бээжинде натыйжасыз аяктаган.

Америка кошмо штаттары Пхеньянды сүйлөшүү стөлүнө кайтууга үндөөдө. Жума күнү Ак үйдүн басма сөз катчысы МэкЛеннан өлкөгө кол салууга Америка кызыкдар эмес экенин дагы бир жолу кайталады:

- Түндүк Кореяга чабуул койууга эч ким кызыкдар эмес. Муну ал өзү да жакшы түшүнөт. Биздин максат сүйлөшүүгө катышып жаткан баардык өлкөлөргө тийешелүү маселени жөнгө салып, Түндүк Кореяга эл аралык коомчулуктун толук укуктуу мүчөсү болууга жол ачуу. Бул болсо Пхеньян ядролук курал жасап чыгаруу программасынан толук баш тартканда гана мүмкүн болот.

АКШ бул маселени Түштүк Корея, Кытай жана Япон өкмөт өкүлдөрү менен талкуулап жатат. АКШнын тышкы иштер министри Кондолиза Райс Түндүк Корей маселесин Кытайдын тышкы иштер министри Ли Дзяоксиң жана Түштүк Кореянын тышкы иштер мекемесинин башчысы Бан Ки Муун менен жакынкы күндөрдүн ичинде талкууламакчы. Жума күнү Вашингтондо Ак үйдө бул маселени вице- президент Дик Чейни Түштүк Кореянын тышкы иштер министри менен талкуулады. Түндүк Кореянын бейшемби күнкү билдирүүсүнө чейин эле пландаштырылган бул жолугушууда Сеул өзүнүн коопсуздугуна байланышкан маселени көтөргөнү божомолдонот.

Эксперттер эгерде Түндүк Корея ядролук сокку ура турган болсо 11-миллион киши калкы бар Сеул анын эң алгачкы бутасы болуп калышы мүмкүн дешет.

XS
SM
MD
LG