Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:34

Армения менен Түркия тарыхты тактап жатат


Түркиянын премьер-министри Ражеп Тайып Эрдоган Осмон түрктөрүнүн аскерлери 1915-23-жылдары армяндарды атайылап кырган деген Армениянын ырастоосуну кылдат териштирүүгө чакырды. Эрдоган кечээ Анкарада журналистер менен болгон жолугушууда Түркия өзүнүн тийиштүү архивдерин ачканын айтып, экинчи тарап да архивдерин ачышы шарт деди. Армения 100 жылдай мурда Осмон падышалыгынын аймагында 1,5 миллиондой армян өлтүрүлгөн деп ырастап келет.
Түркия армяндар түрктөр сыяктуу эле ич ара согуштун курмандыгы болгонун айтып, айыптоону куру дооматка чыгарып жүрөт.

XS
SM
MD
LG