Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:41

А.Сегизбаев «Жалалабатта киши өлдү, Акаев Кыргызстандан кетти» деген маалыматтар жалган дейт


БИШКЕК. 20-мартта Жалалабат облустук имаратын бошотууга байланышкан иш чарада ок атылган жок, адам өлүмү катталган жок жана буга байланыштуу таратылган маалыматтар жалган. Президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев 21-мартта кечке жуук жергиликтүү телеберүү аркылуу түз эфирде сүйлөгөн сөзүндө ушундай билдирди. Маалымат катчы ошондой эле президент Аскар Акаевдин Кыргызстандан чыгып кеткендиги жөнүндөгү маалыматты да жокко чыгарды. Бул маалыматтарды пресс-катчы чагым деп эсептеди. Анын билдиргенине караганда, кырдаал көзөмөлдө, өлкө аймагында Нооруз майрамы белгиленип жатат.

XS
SM
MD
LG