Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:15

Кеминде митинг өттү


БИШКЕК. 26-мартта Чүй өрөөнүндөгү Кемин районунда эрте менен митинг өтүп, 1000ге жакын адам Бишкекти карай жылды. Алар өлкөдө Конституция бузулбасын деген талап менен чыгышты. Митингдин катышуучулары түштөн кийин райондогу Чымкоргон айылына чейин келип токтошту. Окуя болгон жерге барып келген айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн маалыматтары боюнча митингдин башында мурдагы ички иштер министри Кеңешбек Дүйшөбаев менен өлкөнүн мурдагы чукул кырдаалдар жана экология министри Темирбек Акматалиев турду. Ал эми өлкөнүн күч структураларынын координатору Феликс Кулов Кеминден келе жаткан пикетчилерге байланыштуу, алардын шаарга келгени эч кандай коркунучту туудурбайт, ар бир атуул пикирин билдирип, митингке чыгууга укуктуу деп билдирди. Түштөн кийин саат 5ке жакын нааразылык чарага чыккандар менен жолугушууга өлкөнүн Конституциялык Сотунун төрайымы Чолпон Баекова жана Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Тургунбек Кулмурзаев барышты. «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун байкоочусу «Азаттыка» билдиргендей, жолугушуудан кийин пикетчилер таркашты.

XS
SM
MD
LG