Москванын чыгыш тарабындагы “Черкизовская” деген метро станциясынын жанындагы “Вернисаж” деп аталган сүрөтчүлөрдүн базарында бүгүн чоң өрт чыккан эле. Акыркы кабарларда айтылгандай, ал өчүрүлдү. Өрттөн бир адам өлүп, бирөөсү жаракат алганы кабарланды. Алоолонуп жанган өрт заматта 10 миң квадрат метрге чейин аймакты кучагына алган.