Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Жалалабат обласында элдик бийликтин алгачкы жыйын өткөрүлдү


ЖАЛАЛАБАТ. Жыйында убактылуу губернатор Жусупбек Жээнбеков бийлик алмашуунун себептерин түшүндүрүп, 20-мартта эки адамга ок тийип, 62 адам жаракат алганын, ички иштер бөлүмү менен экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүүчү башкармалык эл тарабынан эмес ич жагынан өрттөлгөнүн айтты. Ал президент Аскар Акаевдин түбүнө жалган маалымат ташыган жетекчилер жеткенин белгилеп, Улуттук банктын облтөрагасына издөө салынганын, Сузак, Базаркоргон, Ноокен райондорунда уруулаш айыл башчыларын тандоо жүрүп жатканын билдирип, чогулуштагы жетекчилерди андай башаламандыктарга, коррупцияга, кошоматчылыкка жол бербөөгө жана талаа жумуштарын баштоого чакырды. Ички иштер жана аскер кызматчыларынан элди зарыл учурда табият кырсыктарынан сактап калууну талап кылды.

XS
SM
MD
LG