Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:49

Авторитардык режимдин сабактары конференцияда каралат


БИШКЕК. Апрелдин 7-8инде Бишкекте Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын жалпы республикалык конференциясы болот. Мындай маалымат 29-мартта бейөкмөт уюмдардын коалициясынан алынды. Конференция авторитардык режимден арылуу жана Кыргызстандын мындан аркы өнүгүү жолдорун аныктоо максатын көздөйт. Ага 300дөн ашуун бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, укук коргоочулар, окумуштуулар, социологдор,коомдук ишмерлер жана экономисттер катышат. Алар өлкөнүн буга чейинки өнүгүү тарыхынын сабактарын талдап, мындан ары авторитардык башкаруудан кутулуунун кандай жолун тандоо керектиги талкуланат. Андан тышкары бейөкмөт уюмдарды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү жана жакынкы мезгилдеги пландары аныкталат.

XS
SM
MD
LG