Кытайдын Тышкы иштер министрлиги бүгүн тараткан маалыматка караганда, Кыргызстандын жаңы жетекчилиги эл аралык террорчулукка каршы күрөштү улантат деп Бээжин ишенет. Кытайдын курамындагы Шиңжаң провинциясында жашаган уйгурлардын эгемендүүлүк үчүн күрөшүн кытай жетекчилиги террорчулук деп атайт жана ага каршы көрүлгөн Бээжиндин аракеттерине мурдагы президент Аскар Акаевдин өкмөтү такай колдоо көрсөтүп келген.