Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:38

Жалалабатта Кыргызстандын маалымат каражаттарынын проблемаларына байланыштуу жыйын өттү


ЖАЛАЛАБАТ. “Сорос Кыргызстан” кору менен республикалык “Журналист” коомдук бирикмесинин уюштуруусунда өткөн жыйынга Түштүк Кыргызстандагы маалымат каражаттары менен эларалык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Анда айтылгандай бийликтин айтканы менен болгон мааламымат каражаттары өлкөдөгү соңку жагдай тууралуу бир жактуу маалымат таратышты. Алдыда маалымат каражаттарынын мамлекеттик бийликтен ажыратуу милдети турат. Улуттук телеканалдын Түштүк бөлүмү проблемалардын көптүгү менен бийликтин таасиринен улам эффективдүү иштей албай атат. Жыйын маалымат каражаттарынан 20 пайыз кошумча нарк салыгын алып таштоо жана коомдук телерадио түзүү сунушу менен кыргыз өкмөтүнө жана Жогорку Кеңешке кайрылуу кабыл алды.

XS
SM
MD
LG