БИШКЕК. Алдыдагы жума ичинде Кыргызстанда атуулдук кеңеш түзүлөт. Мындай маалымат 3-апрелде вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжуровадан алынды.Анын билдирүүсү боюнча, мындай кеңеш өкмөттүн ишин көзөмөлгө алып, элдин мүдөөсүн көздөгөн саясат жүргүзүүсүнө шарт түзүү үчүн түзүлөт. Ага 15 жылдан бери Кыргызстанда демократияны орнотуу максаты менен иш жүргүзүп келген бейөкмөт уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын, саясий партиялардын жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү мүчөлүккө тартылат. Ишенгүл Болжурованын айтымында, атуулдук кеңешке өкмөт кабыл алган чечимдерди экспертизадан өткөрүү укугу да берилет.