Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

КЫРГЫЗСТАНДА ЖЕР ТАЛАШ КҮЧӨӨДӨ


11-апрелде Бишкек менен анын айланасындагы бош жерлерди басып алуу басаңдаган жок. Бишкектин жаңы конуштарындагы жана андан башка аймактардагы бош жерлерди басып алгандардын айрымдары таш түшүрүп, үйлөрүнүн пайдубалын курууга киришти. Ал эми турак-жай куруу үчүн жер алуучулардын тизмесин түзгөн коомдук уюмдар алардын аракеттерин мыйзамсыз деп баалап, мыйзамсыздыкка жол бербей тургандыктарын жарыя кылышты.

Азыр Бишкекке келген адам шаарды курчаган жаңы конуштар жана борбордун ичиндеги бош жерлерди өз алдында ээлеп алып, топтошуп жүргөн миңдеген адамдарга туш келет. Алар ээлеп алган жерлерин түнү бою кайтарышып, шылуундары таш, цемент, кум түшүрүп, үйлөрүнүн пайдубалын түптөөгө киришти. Дүйшөмбү күнү үй куруучулардын көйгөйү боюнча иш алып барган коомдордун башын кошкон 11 ассоциациянын республикалык ассоциациялар федерациясы жер ээлеп алууну мыйзамсыз деп баалап,ага жол бербөөгө өкмөттү чакырды. Ассоциациялар федерациясынын президенти Жанаалы Шабдырай Зергердин айтымында, мындай башаламандыкка азыркы өкмөттүн ыкшоолугу жол берди:

- Мисалы бир ай мурун Чүй облусунун губернатору Азамат Кангелдиевге кайрылгам. Андан кийин 31-мартта президенттик администрация башчысынын милдетин аткаруучу Үсөн Сыдыковго кирип жер басып алуу болот деген имиштер 1-2 айдан бери болуп жаткандыгын айтып, маселени тезирээк чечүү керектигин айтып, өкмөткө маалымат жеткиргенбиз. Бирок, облустук деңгээлдеги жетекчилер бул маселени чойгондон улам ушундай иштер болуп кетти. Мисалы, Үсөн Сыдыковдун М.Керимкулов жана Т.Кулмурзаевге «тезинен чара көрүлсүн» деп кол коюп жиберген 31-марттагы буйругу турат. Керимкулов азыр штаб түзүп, кандайдыр бир түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатса, Кулмурзаев жер басып алгандарга «мурунку коомдор менен иштебегиле, силерге жерди биз беребиз» деп туура эмес сөздөрдү айтып жатат.

Ал эми 10-апрелде шайлоочулары Алатоо аянтына митингге чыккан депутат Темир Сариев азыркы өкмөттүн президенттик шайлоого катышаарын ачык жарыялаган башчысы эл арасындагы салмагын жоготуп алуудан коркуп, мыйзамсыздыкка катуу чек койбой жатат деген сын айтты:

- Мыйзам бузган адамдар жазага тартылбастыгын билип, улам-улам чоң мыйзам бузууларга барып жатат. Ал эми бийлик мыйзам чегинде аракет көрүүдөн коркуп жатат. Анткени, жетекчи «эртең шайлоого барам, ошондо мага каршы чыгып коет, ошон үчүн баарына макул болуп турайын, мыйзам бузуп жатса да…» деген ойдо турат. .

Ал эми Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чогулган атуулдар жерди басып алуу иштерин мурунку бийликти жактаган адамдар атайын уюштуруп, түндүк менен түштүктү араздаштыруу жана аны менен азыркы бийлик башындагы Курманбек Бакиевдин саясий беделин түшүрүү үчүн жасап жатышат деген ойдо:

-Мен Акчалов Шайлообек. Муну мурунку бийликтин куйруктары жасап жатат. Жаңы келген Бакиев 5-6 күндүн ичинде эмне иш кылат? Эч нерсе кыла албайт да, ага жок дегенде 1-2 ай бериш керек да!

Мен Тажи Жумалиева. Өздөрү жасап алып, сырттан келген адамдарга күнөөнү төнкөрүп жатышат.

Түштүктөн келген адамдар тоноп, талкалап жатат деп ортодон чаң-тополоң чыгарып, ошондон пайдаланып жер алып калыш керек деген максат менен жасап жатышат. Анан жерди кийин сатышат.


Мындан 3 күн мурун түзүлгөн «Мыйзамдуулук менен тартип үчүн» деген коомдук кыймыл кеңешинин төрагасы Эрнист Адылов кыймыл жер басып алып, жеке менчик ээлеринин укугун басмырлаган адамдарга катуу жаза берүү керек деген максат менен түзүлгөндүгүн жарыя кылды. Анын айтымында, тартипсиздикке каршы күрөш ачкан элдик кошуундун жетекчиси Үсөйүн Кудайбергенов тартипти каалабаган тараптардын буйругу менен өлтүрүлдү деген шек пайда кылды. Кыймылдын мүчөсү Гүлнара Журабаеванын айтымында:

-Ал жер басып алууга үндөөчүлөрдү аныктоо үчүн коомдорго өзүнүн адамдарын коштум деп айткан. Балким бул дагы роль ойноп кетти.

Жер басып алгандар 90 гектар жерге Борбор Азиядагы эң алгачкы студенттик шаарчаны куруп жаткан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин мурдатан тосулган аянтын да үч күндөн бери ээлеп алышты. Университеттин ректору Карыбек Молдобаев мындай абал эларалык мамилеге да терс таасир берип, эларалык деңгээлдеги окуу жайдын келечегине балта чаап, азыр университетте окуган чет өлкөлүк студенттер менен окутуучулар кетүүгө камданып калышкандыгын билдирди.

- Булар абдан кыйналып жатышат. Алар таштап кетсек уят болобу, калып калсак иштей алабызбы же жокпу деп, абдан эки анжы ойдо турушат.

Жогорку сот төрагасы Курманбек Осмоновдун айтымында, эларалык окуу жайга да берилген жерди ээлеп алуу эларалык мамилеге өтө терс таасир берет. Бирок, ансыз да кыйын абал түзүлүп турган кезде өкмөт атайын түзүлгөн комиссиянын аракети менен кырдаалды сүйлөшүү жолу аркылуу жөнгө салууга аракет көрүүдө:

-Маселени сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга атайын түзүлгөн комиссия аракет көрүп жатат. Аларга каршы мыйзам чегинде радикалдуу чараларды көрүү азыр туура эмес. Элди ынандыруу, түшүндүрүү жолу менен кырдаалды жөнгө салуу керек.

Бирок, жер ээлеп алган атуулдар айткандарынан кайтпайбыз деп ээлеген жерлеринде турушат.

XS
SM
MD
LG