Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:19

БУШ ИЗРАИЛДИ ЫМАЛАГА ЧАКЫРДЫ


Жаңыл Чытырбаева, Прага AKШнын президенти Жорж Буш дүйшөмбүдө Израиль өкмөт башчысы Ариэл Шаронду Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги талаштуу айылдар боюнча эпке келүүгө чакырды. Израиль өкмөт башчысы менен АКШ президенти өзүнүн Техастагы ранчосунда жолугушуудан кийин эки жетекчи Палестин администрациясынын башчысы Махмуд Аббас израилдик карапайым атуулдардын бейпилдик кепилдигин алышы керектигин айтышты.

Буш Израилди Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги Адумим айылында дагы 3 жарым миң үй куруу планынан баш тартууга чакырганын кабарчыларга мындайча билдирди:

– Мен премьер-министрге тынчтык планына кайчы келген же Иерусалимдин соңку макамын аныктоого тоскоол болуучу кадамдарга барбашын айттым. Израиль уруксатсыз курулган көзөмөл бекеттерин алып салып, Батыш Жээктеги жөөт айылдары боюнча тынчтык келишиминде өзүнө алган милдеттенмелерди аткарышы керек.

"Жол картасы" деген аталыштагы тынчтык келишиминде палестиндерге тиешелүү Батыш жээкте же Газа тилкесинде Израиль тараптан эч кандай кошумча үй курулбашы жана уруксатсыз курулган айылдарды көчүрүлүшү каралган. "Жол картасы" АКШ, Орусия, Европа Биримдиги жана Улуттар уюмунун колдоосуна ээ болгон.

А.Шарон өз кезегинде анын өкмөтү "жол картасынын" шарттарын аткараарын гана айтып, аталган аймактарга түшкөн жөөт айылдары келечек Палестин мамлекетине баш-оту менен өткөрүлбөйт деди.

Буш бул сөздөрдү колдоп, турмуш чындыгын эске алыш керек деген оюн кайталады. А.Шарондун Техастагы Ж.Буштун ранчосуна барышы Шарондун Газадан жөөт айылдарын көчүрүп кетүүгө АКШ колдоосун алуу максатында жасалган кадам.

Бүгүн Газа Тилкесинде 21 жөөт айылы бар. Алардын бардыгы ушул жайда көчүрүлүп кетет. Ал айылдардын тургундарынын көбү күчкө салышпаса эле кетпейбиз деп жатышат. Ушуга байланыштуу Израилде абал бир топ курч. "Израилде ички согуш чыгып кетиши мүмкүнбү?" деген суроого жооп берип жатып Шарон:

- Ички согуштун деми сезилип турат, бирок мен ага жол бербеш үчүн бардык колгон келген аракетимди жумшайм. Бардык бул кыйынчылыктарга карабастан, биз Газадан ызы-чуусуз жана тынчтык жол менен кетебиз деп ишенем, - деп жооп берди.

Израилm "жол картасындагы" шарттарды аткарышы керектигин белгилеген Ариэль Шарон бир эле мезгилде Палестин лидери Аббасты Израилге каршы чабуулдарды токтотуу жаатында кошумча чара көрүүгө чакырды.

Анын аралыгында Палестин өкмөтүнүн тынчтык сүйлөшүүлөрдөгү өкүлү Сайиб Эракат Израилди Буштун тилин алууга үндөдү. Ал эми радикал исламчы «Хамаз» уюмунун маалымат катчысы Сами Абу Зухри Израилдин зордукчул аракеттери жоопсуз калбайт деп эскертти.

– Азырынча тынч эле, бирок Израиль тараптын бир да зордукчулдугу жоопсуз калбайт. Абал жарылганы эле араң турат, анткени оккупация токтогон жок, - деп эскертти “Хамаздын” өкүлү.

XS
SM
MD
LG