Конституциялык кеңештин курамы 114 адамдан түзүлгөн. Анын 57си коомдук жана атуулдук уюмдардын өкүлдөрү, 20 адам аткаруу бийлигинен, 37си парламенттин депутаттарынан турат. Конституциялык кеңештин алгачкы жыйынына 82 адам катышты. Жыйынды спикер Текебаев ачып, Кыргызстандын гимни ойнолду. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Конституциялык кеңештин ишине ийгилик каалап, пикирин төмөндөгүчө билдирди:
- Менин көз карашымда, Конституциялык кеңеш коллективдүү изденип, биргелешип макулдашуунун негизинде сунуштарды талдап, дыкат карап, мамлекетибиздин жаңы жашоосуна ылайык Башмыйзамды иштеп чыгат деп ишенем. Элдик бийликти камсыз кылып, мамлекеттик түзүлүштүн негиздерин жакшыртып, жарандык коомдордун таасири менен келечекте авторитардык системага жол бербөө керек.
Ал ошондой эле конституциялык кеңештен Башмыйзамдын айрым жоболорун өзгөртүүдө абдан ойлонуп, тең салмактап, өлкөнүн келечеги үчүн оң таасирин тийгизип, эл үчүн кызмат кылган мыйзамды иштеп чыгуусун өтүндү. Бакиев бул маселе боюнча төмөндөгүдөй сунуштарын киргизди:
- Мамлекет жөнүндө. Биздин мамлекетибиздин өз алдынча түзүлгөн мезгилинен берки мамлекетти башкаруу тажрыйбаларын жана атуулдук коомдун өнүгүүсүн эске алганда, президенттик-парламенттик башкарууну ылайык көрөт элем. Мунун идеясы күчтүү парламент, күчтүү өкмөт, күчтүү президенттик системаны кабыл алуу. Бул принциптер убакыттын элегинен текшерилип өттү.
Ал ошондой эле президенттин, Жогорку Кеңештин, өкмөттүн функцияларын кылдат тактап чыгууну, ар бир бийлик бутактардын натыйжалуу иштешине көңүл буруп, бийликтин бир адамдын же бир нече адамдардын колуна топтолушуна жол бербөө керектигин билдирди.
Курманбек Бакиев саясий партияларга токтолуп, азыркыдай 40тан ашуун мажүрөө партиялардан көрө күчтүү саясий партияларды түзүүнү белгиледи. Сот системасынын Конституциялык негиздерин карап чыгууну, өлүм жазасын өмүр соңуна чейин камоо менен алмаштырууну, Конституциялык көзөмөлдү күчөтүүнү, атуулдук, коомдук уюмдардын натыйжалуулугун арттырууну сунуштап, кош атуулдук алууга каршы экендигин билдирди.
Ал эми Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова мурдакы президент Аскар Акаевдин учурунда Башмыйзам бир нече жолу өзгөртүлгөндүктөн, Конституциялык сот караламан калктын укугун коргой албай калган деңгээлге жеткендигин белгилеп, Конституциялык кеңештин мүчөлөрүн элдин мүдөөсүн аткарууга чакырды.
- Мамлекеттик бийликтен, саясий, коомдук ишмерлерден эл үмүт кылып жаткан абдан маанилүү ишке ар бирибиз өтө жоопкерчилик менен мамиле кылуубуз керек. Мурдакы кетирген каталарга жол бербешибиз керек- деди Чолпон Баекова.
Депутат Адахан Мадумаров Конституциялык кеңештин курамындагы мамлекеттик аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнүн жана депутаттардын санын кыскартып кеңештин курамын атуулдук, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн, мыкты юристтерден түзүүнү сунуштады. Айрым депутаттар ага каршы болушту. Мадумаровду Гияз Токомбаев колдоп пикирин мындайча билдирди:
-Бул жерде отургандардын жарымы элдик революцияга каршы болушкан. Алардын арасында революцияны биз жасадык деп оозун көптүргөндөр да бар. Мен Мадумаровдун айткандарына кошулам. Аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн, депутаттардын санын азайтып, коомдук, атуулдук уюмдарга элдик мыйзамды иштеп чыгууга шарт түзүп берүү керек.
Конституциялык кеңештин мүчөлөрү кеңештин курамын, жумушчу топту түзүүдө, уюштуруу иштеринде талашып-тартышып бир пикирге келишпей отурумду жума күнү уланта турган болушту.