Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

Орус президенти бүгүн Рамаллага келет


Владимир Путин палестин лидери Махмуд Аббас менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Кечээ Путин Иерусалимде Израилдин премьер-министр Ариэл Шарон менен бир катар маселелерди талкуулады. Путин Москванын Сирияга ракета сатып, Иран менен атом энергетика тармагында кызматташып жатканы Израилге эч кандай коркунуч келтирбей турганына ишендирди. Сүйлөшүүлөр аяктаган соң Ариэл Шарон орусча сүйлөп,Путин бу жерде достордун арасында деп белгиледи. Путин жөөт-палестин жаңжалын жөнгө салуу боюнча быйыл күздө Москвада эл аралык конференция өткөрүүнү сунуш кылган эле. АКШ менен Израил азырынча муну эртелик кылат деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG