Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:19

20-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунан алынган маалыматка караганда, 20-майда Кыргызстанда маал-маалы менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4...+9, күндүз +15...+20 градус жылуу.
Талас облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +13...+18 градус.
Республиканын Жалалабат, Ош, Баткен чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +7...+12, күндүз +18 градустан +23 градуска чейин жылыйт.
Ысыккөл ойдуңу боюнча абанын температурасы түнкүсүн +3...+8, күндүз +11...+16 градус жылуу болот.
Тоолуу Нарын жергесинде түнкүсүн 0...+5 градус жылуу, айрым жерлерде 0 градустан -2 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт. Күндүз +9...+14 градус жылуу.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +6...+8, күндүз +16...+18 градус

Кабарлар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG