БИШКЕК. Март айындагы окуялардан кийин Кыргызстанда комлекстүү же андан башка гуманитардык багытта кризис пайда болгон жок. Азык-түлүк маселеси март айына чейинки абалдан айырмаланбайт, деп билдирди Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы тармактар аралык миссиясы 10-майдан берки жүргүзгөн иликтөөсүнүн соңунда. Бирок буга карабай калктын калың катмарынын жардылыгы кээ бир шартта гуманитардык кризиске өбөлгө болушу ыктымал, деп белгилеген БУУнун миссиясынын 20-майда тараткан маалыматында. Эксперттер айрым экономикалык өсүштөр калктын жардылыгын жоюуга эмне себептен салым кошо албагандыгын, элдин жашоо деңгээлин дагы тереңдеп иликтөө менен Улуттар Уюмунун программаларын керектүү багытка бурууну сунушташкан. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.