Катардагы атуулдардын «Алатоо» кыймылын түзүп, конституциялык кеңешмеге сунуш киргизүүсүнө экономист Алымбек Биялиновдун басма сөзгө жарыялаган «Элге кандай бийлик керек?» деген макаласы түрткү болду. Автор ал макаласында Акаевдин мезгилиндегидей президент жана анын жакындарынын элдин эсебинен мыйзамсыз туйтунуусуна шарт түзбөө үчүн мамлекеттик бийлик органдарынын үстүнөн элдик көзөмөлдү күчөтүү зарыл деп жазып, ал үчүн жылына бир жолу элдик курултай чакырып, бийликтен отчет алуу демилгесин көтөргөн. Экономисттин мындай демилгеси карапайым калктын колдоосун таап, атуулдар атайын кыймыл уюштуруп, өлкөнүн бир топ аймактарында сунушту ишке ашыруучу демилгелүү уюштуруу топторун да түзүшкөн.
Ал тууралуу кыймылдын мүчөсү Батырбек Исмаилов мындай дейт:
- Жалпы эл-журтубуз колдоп жатат. Жети областта аткаруу тобу түзүлүп, анын мүчөлөрү иштеп жатат.
Кыймылдын сунушу боюнча, жылына бир жолу чакырылчу элдик курултайга эл арасынан кадыр-барктуу адамдар шайлоо жолу менен келип, президенттен, аткаруу, сот жана мыйзам чыгаруу бийлигинен отчет алышы керек,-дейт Батырбек Исмаилов:
- Ошол адамдар гана элдин үнүн түздөн-түз өкмөткө жеткирип, бийлик менен элдин ортосундагы ишенич пайда болуш керек. Өкмөттүн элге жоопкерчилиги жок болсо анын эмне кереги бар?
Кыймылдын дагы бир мүчөсү Камил Токоевдин айтымында, 24-марттагы ыңкылап элдин укуктук аң-сезимин жогорулатты. Ушундан улам эл мамлекетке төлөгөн салыгын бийлик өз кызматы менен актап беришин жана ал кызматтын аткарылышы тууралуу бийликти жоопкер кылган жобо элдик курултай формасында Конституцияга киргизилишин талап кылып жатышат:
- Эл өз чөнтөгүнөн салык берет, бирок ал кайда кетип жаткандыгын эсептей элек. Бирок азыр элдин аң-сезими жетти. Жеткен үчүн ыңкылап болду. Эл азыр муну жакшы түшүнүп калды. Биз жаран катары уктап жата берсек укугубуз басмырлана берет. Он беш жылдын ичинде Конституция канча жолу оңдолду? Акаев өзүнө керектүү кылып оңдоп алып, каалаганын жасай бергендиктен укугубузду коргой албай күйбөдүкбү! Ошентип күйбөш үчүн азыртан аракет кылыш керек!
«Алатоо» кыймылынын өкүлдөрү мындай сунушун конституциялык кеңешмеге берди. Бирок кеңешме аны азырынча талкуулай элек.
Кеңешменин төрагасы, Жогорку Кеңештин спикери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, азырынча сунушту Конституцияга киргизүүгө зарылдык жок жана анын ишке ашышы мүмкүн эмес:
-Бул сунушка конституциялык кеңешменин жумушчу тобунун көпчүлүк мүчөлөрү каршы. Ал дүйнөлүк тажрыйба менен практикага да туура келбейт. Эл тарабынан шайланган орган-президент жана Жогорку Кеңеш. Алар эл алдында жооп берет. Мындан тышкары дагы бир орган түзүп, президенттен, сот бийлигинен, Жогорку Кеңештен жана өкмөттөн отчет алат деген дүйнөдө жок сунуш жана ал биздин шартка да туура келбейт.
Конституциялык кеңешменин башка мүчөлөрү да элдик курултай чакыруу идеясы демократияга карама-каршы келип, бийликтин үстөмдүгүнө жол берет деп каршы болушууда.