Жергиликтүү саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн маалыматына ылайык, бул диагноз 461 кишиге коюлду. Алардын 117си кичинекей балдар. Соңку 24 сааттын ичинде ооруканага дагы 57 жаңы пациент жеткирилди. Эпидемиянын булагы азырынча аныктала элек. Айрым маалыматтарда инфекция жергиликтүү пивзаводдон тараган делинет. Бирок санитардык кызматтар текшерүүсүн аяктай элек.