БИШКЕК. 15-июндун түнү Бишкекке КМШ өлкөлөрүнүн Аткаруу комитетинин баш катчысы, КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулар миссиясынын жетекчиси Владимир Рушайло иш сапары менен келди. Тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, Рушайло 16-июнда өлкөнүн биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Феликс Кулов менен, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов менен жолугуп, өлкөдөгү кырдаал, президенттик шайлоого байланыштуу маселелер боюнча пикир алышышат. КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы президенттик шайлоо өнөктүгүнө байкоо жүргүзүү ишин 6-июнда баштаган. Миссия шайлоо өнөктүгү учурунда өлкөнүн бардык аймагында кыска жана узак мөөнөттөгү мониторинг жүргүзөт. КМШ өлкөлөрүнүн Аткаруу комитетинин катчысынын Кыргызстанга болгон үч күндүк иш-сапары 17-июнда аяктайт.