Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

ЕККУ уюму Анжиян окуялары боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнүн зарылдыгын кайрадан билдирди


Бул тууралуу уюмдун төргасы, Словениянын тышкы иштер министри Дмитрий Рупель кечээ дагы бир жол айтты. Кечээ ошондой эле ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча бюросунун Кыргызстандагы өзбек качкындарынан алынган маалыматтарга негизделген жаңы доклады жарыяланган эле. Анжияндагы окуялар учурунда канча адам өмүрүнөн айрылганы так белгисиз. ЕККУнун жаңы докладында алардын саны 300 – 500дүн тегерегинде деп айтылган. Ал эми өзбек өкмөтүнүн ырасмий эсеби боюнча Анжияндагы кагылыштарда жоокерлерди, согушкерлерди, жөн – жай адамдарды кошкондо 173 адам каза тапкан.

XS
SM
MD
LG