Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48

Таласта президенттик шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу эки иш укук коргоо органдарына берилди


ТАЛАС. “Демократия жана жарандык коом” үчүн коалициясынын Талас бөлүмүнүн юристи Жаныбек Карымбаевдин 13-июль күнү билдиргенине караганда, Талас районундагы №82-Акжар шайлоо участогунда бир эле шайлоочуну бир нече жолу добуш берүүгө киргизип жатышкан жеринен көз карандысыз байкоочулар кармап алышкан. Бул факты боюнча Талас райондук прокуратурасы кылмыш жаза кодексинин 141-беренеси боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Талас мамлекеттик университетинин экинчи курсунун студенти көз карандысыз байкоочу Таалай Абдылдабеков Талас райондук сотуна аны шайлоо күнү элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынара Назаралиева мазактады деген доо менен арыз берип, 350 миң сом өндүрүп берүүнү суранган. Ал эми Талас райондук сотунун кызматкерлери бул факты боюнча иликтөө иштери башталган, башталбагандыгы туурасында маалымат берүүдөн баш тартышты. Көз карандысыз байкоочулар ошондой эле Карабуура районундагы №23-Көксай участогунда жүздөн ашуун бюллетендер ашыкча болуп калгандыгы боюнча да иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.

XS
SM
MD
LG