Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

АКШ АСКЕР БАЗАСЫНЫН АЙЛАНАСЫНДА АКЫЙНЕК УЛАНУУДА


5-июлда Шанхай кызматташуу уюмуна кирген мамлекеттердин жетекчилеринин Астанадагы саммитинде АКШнын Борбор Азия регионундагы базаларын чыгаруунун мөөнөтүн аныктоо маселеси көтөрүлгөн эле. АКШнын аскердик генералы Ричард Майерс бул маселеде региондогу чакан мамлекеттерге эки чоң мамлекет: Орусия менен Кытай басым көрсөтүп жатат билдирди.

Кыргызстандын расмий бийлиги АКШы генералынын билдирүүсүнө жооп бере элек. Ал эми Орусиянын тышкы иштер министрлиги расмий билдирүү таратып, анда «кабыл алынган эреже, жобого ылайык ШКУда чечим консенсус менен кабыл алынат. Ошондуктан АКШ базасын чыгаруунун мөөнөтүн аныктоо тууралуу чечим ШКУга мүчө мамлекеттердин баарынын биргелешкен жамааттык пикири” деп айткан. Орусия ошондой эле “Ооганстанда антитеррордук күрөштүн аяктоосуна жараша АКШнын аскерлери региондон чыгарылыш керек» деген ойду дагы бир ирет баса белгилеген.

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Курманбек Бакиев АКШ менен андан ары ымаланы бузбоо таризинде, бирок ШКУнун жамааттык чечимин тастыктаган оюн айткан:

- Ооганстанда президенттик шайлоо өттү. Ал жерде кырдаал турукташты. Эми АКШ базасынын бул жерде туруусунун зарылчылыгы жөнүндө маселени карап көрсөк болот. Ал качан, кандай болоорун, убакыт көрсөтөт.

АКШ баш болгон батыш мамлекеттери демократияны, анын шарданында келген “түстүү ыңкылаптарды” колдогону белгилүү. Бирок ал ыңкылаптар батышка бир жагынан пайда алып келсе, экинчи жагынан зыянга учуратаары да айкын болууда. Маселен, Грузия жана Украинадагы ыңкылаптын жеңиши менен бул өлкөлөр батышка ыктады. Бирок Борбор Азия регионундагы ыңкылаптар батышка тескери натыйжа берүүдө. Анжиян көтөрүлүшү АКШ менен Өзбекстандын ортосундагы мамилени бузулуу деңгээлине алып келди. Ыңкылап жеңген Кыргызстан демократияга кадам таштаганы менен, геосаясий тандоодо айласыздан авторитардык коңшуларынын катарынан орун алды.

Кытай менен Орусия АКШ базасын чыгаруу демилгеси менен Кыргызстанга басым жасап жатканын “Акыйкат жана прогресс” партиясынын лидерлеринин бири Ишенбай Абдуразаков белгиледи:

- Эки өлкө бизди ошого такап алып баратат. Эгерде алардын жетегинде болуп, америкалыктарды кеткиле десек, анда эртең эле АКШ менен мамилебиз бузула түшөт. Ал салкындап эле калбай кадимкидей эле бузулат. Анын бизге пайдасы барбы, жокпу?

Мурунку вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин билдирүүсүнө караганда, Манас аба майданындагы АКШнын аскердик базасы Кыргызстанга экономикалык пайда алып келип жатат. Маселен, анын жардамы менен жапон насыясы төлөнүүдө. Ал эми Абдуразаковдун пикиринде, АКШ менен мамиле бузулганда базадан түшүп жаткан пайда эле эмес, башка эл аралык каржы уюмдарынан келип жаткан жардамдар да кескин кыскарышы ыктымал. Анткени ал уюмдарда негизги ролду АКШ ойнойт.

Ал эми саясат таануучу Токтогул Какчакеевдин пикиринде, бул жерде финансы-акча категориялары менен эле эмес, башка баалуулуктар жөнүндө да ойлонуу зарыл:

- Жоомарт Оторбаев экономист катары туура айтып жатат. А эгерде биздин мамлекеттик милдет, эгемендүүлүктүн баасы, баркы, дүйнөлүк фундаменталдык карым-катнашты таразага салсак, анда жүз авиабаза келип,Кыргызстанга пайда көрсөтсө дагы биз бир тууган мамлекеттердин кызыкчылыгынан жана жалпы терроризмге каршы күрөшкөн ШКУ, ЖАМУ уюмдарынан сыртка чыгып калбашыбыз керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG