Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:43

АКШнын КОРГОО МИНИСТРИ КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИ


25-июлда кечке жуук Кыргызстанга АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд келди. Ал 26-июлда өкмөт үйүндө президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

24-марттагы ыңкылаптан кийин бул Рамсфелддин Кыргызстанга экинчи жолу келиши. Апрель айындагы алгачкы сапарында ал өкмөт үйүндө Курманбек Бакиев менен жолугушуп, сүйлөшүүлөр өткөргөнү белгилүү.

Андан кийин кыргыз-америка мамилесине байланыштуу маселе 5-июлда Шанхай кызматташуу уюмунун Астанадагы саммитинде кабыл алынган декларацияда козголгон. ШКУга мүчө алты мамлекеттин президенти кол койгон документте Борбор Азия регионунда, анын ичинде Кыргызстанда жайгашкан АКШнын аскердик базасын чыгаруу мөөнөтүн тактоо талабы айтылган. Талдоочулардын пикиринде, дал ушул маселе Доналд Рамсфелддин акыркы төрт ай ичинде экинчи ирет Кыргызстанга келишине түрткү болууда.

Кыргызстандын коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаковдун пикиринде, Доналд Рамсфелддин сапары учурунда Манас аба майданында жайгашкан Ганси авиабазасы эле эмес, кыргыз-америка мамилесиндеги комплекстүү маселелер каралат:

- Менин оюмча, атайын келгенден кийин бир (база) эле маселе эмес, бир топ маселе каралыш керек. Анын ичинде экономикалык, коопсуздук, Кыргызстандагы демократиянын өнүгүү жараяндары, жалпылап айтканда комплекстүү маселелер каралыш керек.

10-июлдагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү Курманбек Бакиев да Доналд Рамсфелд менен 26-июлдагы жолугушууда коопсуздук жана экономикалык кызматташуу маселеси талкууланарын билдирген эле.

Рамсфелддин сапарынын алдында Кыргызстан адам укугун коргоо комитенин төрагасы Рамазан Дырылдаев билдирүү менен чыгып, анда Кыргызстан элдик кыймылы аркылуу бийликке келген жетекчиликти адилет болууга чакырды. “Кыргызстан элдик кыймылы Акаевдин режими менен күрөшүп жатканда тоталитардык режимдер башкарган ШКУ мамлекеттери авторитардык режимди колдогон. Ал эми батыш мамлекеттери Акаев режимин айыптап, оппозиция лидерлеринин укугун коргогон”- деп белгиленген билдирүүдө.

Эгерде АКШ базасын Кыргызстандан чыгаруу маселеси коюлса, анда Канттагы орус аскердик базасы да чыгарылыш керек дейт Рамазан Дырылдаев:

- Эгерде Россиянын базасы бул жерде тура турган болсо, анда биз АКШ жана НАТО менен узак мөөнөттү келишим түзүп, алардын бул жерде болушун камсыз кылышыбыз керек. Себеби, биздин демократияны, адам укуктарын коргоого калканыч керек. Андай болбосо эки база тең чыгарылыш керек.

Дырылдаевдин пикиринде, Астана саммитинде декларацияга Кыргызстан жетекчилиги Россия, Кытайдын кысымы астында кол койгон:

- Менимче кысым көрсөтүлдү. Бул эми айтылбай жатат. Бирок кысым көрсөтүлүп жатат.

Бирок коргоо министринин милдетин аткаруучу Исаков кысым жок экенин билдирүүдө:

- Кысымды биз кабыл албайбыз. Мындай кыласыңар деп эч ким бизге айткан эмес. Бул куру сөз болуш керек. Бирок Астанадагы жыйында (базаны чыгаруу) маселе көтөрүлүп, аны тактап коелу, жыйынтыгы качан болот деп айтылган. Андан башка маселе жок.

Кыргызстанга АКШы башында турган антитеррордук коалициянын аскерлери 2001-жылдагы Нью-Йорктогу террордук чабуулдан кийин жайгаштырылган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG