Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Адахан Мадумаровдун талапкер болуу укугу калыбына келтирилди


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясы вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаровдун талапкердик укугун калыбына келтирди. Бул маселени БШК Мадумаровдун арызынын негизинде 26-июлдагы отурумунда карап, чечти. 31-июлда өтөрү күтүлүп жаткан кайталап добуш берүүгө Мадумаровдун катышууга укугу жок деген чечимди 25-июлда округдук шайлоо комиссиясы чыгарып, аны талапкер мамлекеттик кызматта иштеп жатат, бул Шайлоо кодексине каршы келет деп негиздеген. БШКнын билдиргенине караганда, округдук шайлоо комиссиясы бул негиздемеси аркылуу Шайлоо кодексинин 18, 13, 17 беренелерин бузган. 31-июлда өтө турган Куршаб шайлоо округунда кайталап добуш берүү үч участокто өтмөкчү. Мындай чечимди Жогорку cот кабыл алган.

XS
SM
MD
LG