БИШКЕК. 29-июлда Ош облусундагы №39 Куршаб шайлоо окуругунда жана Бишкектеги №11Курулуш шайлоо округунда үгүт иштери токтотулду. Бул тууралуу 30-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Жогорку соттун жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечимдерине ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы аталган эки округдун айрым шайлоо участкаларында кайрадан добуш берүүнү өткөрүү боюнча токтом кабыл алган. Кайра добуш берүү 31-июлда Куршаб округунун №58, 59 жана 62-шайлоо участкаларында, ал эми Курулуш окуругунда № 1204 жана 1206-шайлоо участкаларында өткөрүлөт. Шайлоо кодексине ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыгы округдун калган участокторунда топтолгон добуштардын негизинде жалпы чыгарылып, көп добуш алган талапкер жеңүүчү деп табылат. Аталган участоктор боюнча Куршаб округунан Адахам Мадумаров менен Мамат Орозбаев, ал эми Курулуш округунда Кабай Карабеков менен Ольга Безбородованын ортосунда талаш болгон. Курулуш округунда кайра добуш берүүнү өткөрүүгө 47 миң сом, Куршаб округуна 50 миң сом бөлүндү.