Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

КЫРГЫЗСТАНДА ОБЛУСТАР ЖОЙУЛАБЫ?


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстанда учурда административдик-аймактык реформанын алкагында обулустарды жойуу маселеси күн тартибине койулууда. Азыркы өкмөт мүчөлөрү облустарды жойуу зарыл экенин белгилеп жатышат. Ошол эле учурда коомчулукта обулустарды жойуу азырынча эрте деген пикирлер да жок эмес.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров 2006-жылдын 1-январынан тарта өлкөдө обулустар жойулаарын билдирди. Анын айтымында, обулустарды жойуунун башкы максаты - бири-бирин кайталаган мамлекеттик органдарды кыскартуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин ишмердүүлүгүн жакшыртуу.

Адахан Мадумаров бул реформа чиновниктерге сарпталган каражатты кыскартуу максатын да көздөөрүн айтты:

- Кичинекей Кыргызстанга 7 облустун кереги жок. 15 миллионго жакын калкы бар Москвада бир гана мэр жана өкмөтү бар. Шаар өнүгүп, гүлдөп өсүп жатат. Биздин бюджеттен жылына чиновниктерге 1 миллиарддан ашык акча каражаты сарпталат. Биз мындай чыгымды кыскартып, аны пенсия, жөлөк пулдарды төлөөгө сарптаганыбыз жакшы. Жыл аягына чейин реформа аяктайт. 2006-жылдын биринчи январынан тарта облустар жойулат.

Каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров белгилегендей, облустарды жойуу менен чындыгында эле бюджеттеги каражат үнөмдөлөт, бирок дубандарды жойуунун алдында облустук структураларда иштеп жаткандарды да кызмат менен камсыз кылуу маселесин чечүү керек:

- Каржы министрлиги тарабынан жылына обулустарга 320 млн. сом акча каражаты бөлүнөт. Эгерде обулустар жойулса, биз ушул каражатты үнөмдөп калабыз. Бирок ошол структураларда иштеп жаткан адамдарды жумуш орундары менен да камсыз кылышыбыз керек. Алардын да бала-чакасы бар, ар биринин үй-бүлөсү бар.

Каржы министринин милдетин аткаруучунун айтымында, өлкөнүн бюджетин бөлүштүрүүнүн принциптери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каржылоо жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык, 2007-жылдан тарта өлкөдө эки тепкичтүү гана бюджет каралган:

- 2007-жылдан тарта республикалык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджети болот. Мыйзамда ошондой каралган. Башкача айтканда, ортодогу бюджеттер кыскартылып, же республикалык бюджетке киришет, же жергиликтүү бюджеттерге кошулат. Каржы министрлиги айыл өкмөттөрүн түздөн-түз каржылап калат. 2006-жылы биз ошого даярдык көрөбүз. Анткени, ал үчүн каржы министрлиги да өзүнүн иштөө ыкмасын өзгөртүүгө тийиш.

Ал эми айрым облус жетекчилеринин көз карашында азырынча облустарды жойуу эртелик кылат. Мындай пикирин Ош обулусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Анвар Артыков төмөнкүчө билдирди:

- Азыр облустарды жойуу эртелик кылат. Мисалга алсак, биздин облус жакшы өнүгүп жатат. Өндүрүш тармагын өнүктүрүү да азыр жолго коюлду. Ал эми райондордун көпчүлүгү оор абалда. Алар өз алдынча өнүгүп кете албайт. Ошондуктан, азырынча облустук территориалдык аймак керек деп эсептейм.

Президент Курманбек Бакиев 15-августта аткаруу бийлик өкүлдөрү менен жолугушуусунда облустарды жойуу маселеси жыл аягына чейин алардын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына байланыштуу чечилээрин айткан.

Айрым пикирлерге караганда, Кыргызстанда административдик-аймактык реформаны комплекстүү түрдө жүргүзүү керек. Өлкөдөгү айрым райондор жана айыл өкмөттөрдү да ирилештирүү зарыл. Кыргызстанда учурда 7 облус, 44 район жана 471 айыл өкмөтү бар.

XS
SM
MD
LG