БИШКЕК. Үстүбүздөгү жылдын 25-октябрында белгилүү коомдук-саясий ишмер Исхак Раззаковун туулганына 95 жыл болот. Буга байланыштуу Исхак Раззаковдун мааракесин белгилөө жана ага даярдык көрүү үчүн атайын уюштуруу комитети түзүлүп, анын төрагалыгына вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурова дайындалды. Бул маалыматты өкмөттүн маалымат кызматы таратты. Исхак Раззаков учурунда Кыргыз ССРинин министрлер кеңешинин төрагасы, андан соң Кыргызстан КПБКнын биринчи катчысы болуп иштеген. 1979-жылы Москва шаарында каза болуп, ошол жакка көмүлгөн Исхак Раззаковдун сөөгү 2000-жылы Кыргызстанга алынып келинип, «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.