Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:47

“Эл ынтымагы” партиясынын жетекчиси шайланды


БИШКЕК. 25-августта жаңыдан уюшулган “Эл ынтымагы” социал-демократиялык партиясынын жетекчилигине экс-министр Роза Акназарова шайланды. Аталган саясий партия Юстиция министрлигинен үстүбүздөгү жылы 2-июнда каттоодон өткөн. Учурда өлкөнүн бардык аймактарында партиянын баштапкы уюмдары түзүлүп, мүчөлөрүнүн саны миңге чукул адамды түзөт.

“Эл ынтымагы” социал-демократиялык партиясынын жаңы жетекчиси Роза Акназарова буларга токтолду:

- Саясий партиянын негизги максаты өлкөдө демократиялык социализм куруу. Демократиялык социализм болбосо мамлекет өнүкпөсүнө көзүбүз жетти. Эң негизгиси жалпы элдин ынтымагы үчүн бардык иш аракеттерди жүргүзүү. Бардык жактан ынтымак болбосо, мамлекет өнүкпөйт.

XS
SM
MD
LG