Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:03

ӨКМӨТ БАШЧЫ БАЯМАН ЭРКИНБАЕВДИ КИМ ӨЛТҮРГӨНДҮГҮН БИЛЭЭРИН МААЛЫМДАДЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Депутат Баяман Эркинбаевдин атып өлтүрүлүшүнө байланыштуу мамлекет башчы Курманбек Бакиев, өкмөт жетекчиси Феликс Кулов жана бардык күч министрлери Жогорку Кеңештин 22-сентябрдагы отурумунда маалымат беришти. Премьер-министр Феликс Кулов 18-сентябрда Баяман Эркинбаев менен жекеме-жеке жолугушкандыгын, Эркинбаев ага өзүнүн өмүрүнө ким тарабынан коркунуч болуп жаткандыгын айтып, эгерде аны өлтүрүп кете турган болсо, ошол адамдын атын коомчулукка айтып берүүнү өтүнгөндүгүн депутаттарга маалымдады.

Жогорку Кеңештин бул күнкү талкуусу Баяман Эркинбаевди тике туруп, бир мүнөткө эскерүү менен башталды. Депутаттардын сунушу менен күн тартибиндеги маселе кийинкиге жылдырылып, жыйынга мамлекет башчы, өкмөт жетекчиси жана бардык күч министрлери чакырылды. Чыгып сүйлөгөн депутаттардын айрымдары жаңы бийлик келгенден бери ушуну менен эки депутат атып өлтүрүлгөндүгүн айтышып, мындай окуяны алдын ала албаган өкмөт жетекчисин кызматтан кетирип, мамлекет башчысына импичмент жарыялоо зарылдыгын депутат Дооронбек Садырбаев белгиледи:

- Феликс Кулов жетектеген кыргыз өкмөтү бүгүндөн баштап кызматтан кетсин. Президент Курманбек Бакиевге “өз бийлигин кан менен баштады, адамдардын өмүрүн алуу менен баштады деп” ага импичмент маселесин көтөрөлү. Мен алдыңарга туруп берейин. Мындай бандиттик өлкөдө жашоого болбой калды.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев болсо, аткаруу бийлиги Баяман Эркинбаевдин жан сакчыларын алып, аны кимдир бирөөлөрдүн атып өлтүрүүсүнө шарт түзүп бергендигин маалымдады:

- Баяман соңку бир аптадан бери жан сакчылары жок жүргөн. Ал мага келип «мени атайын жылаңачтап, жаныма келген бөлөмү, жээними камады. Баяманды жалгыз калтыргыла, биз аны атып өлтүрөбүз деп кимдир бирөөдөн тапшырма болуптур», деп ыйлады. Ал үйүнө кете албай отуруптур. Мен өзүмүн машинама салып, үйүнө жеткиргем. Эгер кечээ айтканда, мен аны кечээ да үйүнө жеткирмекмин.

Жыйында сөз сүйлөгөн өкмөт башчы Феликс Кулов болсо, Баяман Эркинбаев менен 18-сентябрда жекеме-жеке жолугушкандыгын айтып, аны ким өлтүргөндүгүн билээрин жана аны тергөөнүн жүрүшүндө коомчулукка айтып берээрин эскертти:

- Мен Баяман Эркинбаев менен жекшемби күнү жолуккамын. Ал мага өтө кооптонуу менен келип, өмүрүнө коркунуч туудурган шектүү адамдын атын мага айтып берди. Ошондой эле, эгерде аны кимдир бирөө өлтүрүп кете турган болсо, ал адамдын атын айтып берүүнү өтүндү. Мен аны тергөөнүн жүрүшүндө айтып берем.

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мурат Суталинов Баяман Эркинбаевге «Улуу чындык» аттуу жеке ишкана тарабынан жан сакчылар берилгендигин, Баяман Эркинбаев 18-сентябрдан тарта ал жан сакчыларды өз каалоосу менен пайдаланбай койгондугун маалымдады.

Жыйынга келген мамлекет башчы Курманбек Бакиев депутаттын өлүмүнүн себебин соңку жылдары өлкөдө кылмыштуу топ менен өлкөнүн тартип коргоо органдарынын биргелешип кеткендиги менен байланыштырып түшүндүрдү:

- Тартип коргоо орган кызматкерлери менен кылмышкерлер биригип кетишкен. Бул туура. Бул кечээ, наркы күнү эмес, бул соңку бир топ жылдан бери өлкөдө жүргүзүлгөн саясаттын жыйынтыгы. Ошондуктан биз тартип коргоо орган жетекчилерин жаңылап, ушул тармакта тартип орнотууга аракет жасап жатабыз.

Бул күнкү жыйында көпчүлүк депутаттар азыркы аткаруу бийлиги жүргүзгөн саясатты ачык сынга алышып, депутаттын өлүмү аткаруу бийлиги жүргүзгөн туура эмес саясаттын жыйынтыгы деген пикирлерин айтышты. Ошондой эле айрым депутаттар Баяман Эркинбаевдин өлүмү бардык күч органдарына маалым болсо да, алар мындай кандуу окуяны алдын алышкан жок деп, күч органдарын күнөөлөштү. Ал эми депутат Кабай Карабеков мамлекет башчысына төмөндөгүдөй сын айтты:

- Мен 24-марттагы окуяга катышкандыгыма уялам. Мен абдан катачылык кетиргемин. Менин оюмча, учурда бардык өлкө атуулдары ушундай ойдо. Соңку үч айдын ичинде өлкөнү отуз жыл артка кетирдик. Акүй тарабынан жашыруун чогултулуп жаткан акчанын өлчөмү өсүүдө. Акаевдин мезгилинде беш миң алса, азыр он беш миң алууда.

Жыйындар залында отурган мамлекет башчы Кабай Карабековдун жогорудагыдай сынына дароо жооп берди:

- Карабеков орусча сүйлөдү. Мен дагы оруча жооп берейин. Жооп берейин деген оюм жок эле, бирок менин жеке дарегиме ушундай сөз айтылгандан кийин, мен унчукпай кала албайм. Биринчиден, депутат Акүй тарабынан жашыруун акча чогултулуп жатат дегени туура эмес. Эгерде сиздердин кесиптешиңер айткандай Акүй тарабынан чогултулган акчанын өлчөмү көбөйө турган болгондо, соңку айлары өлкөнүн бюджетине салык, бажы тармаганан түшкөн кирешенин өлчөмү көбөйбөйт эле. Ошондой эле менин туугандарымды сындап жатасыздар, андай болсо, менин кайсыл тууганым экендигин аты жөнүн ачык айтыңыз. Жөн эле курулай сындай берген туура эмес.

Талкуу уланууда. Талкуунун жүрүшүндө айрым депутаттар күч органдарынын жетекчилерин кызматтан кетирүүнү талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG