Ганси аскердик базасы Бишкек шаарынынын четиндеги “Манас” аба майданында жайгашкан. Аскердик база күчтүү кайтарууда тургандыктан ал жерге көрүнгөн адамдын кирүүсүнө тыю салынган. Текшерүү постунан өткөндөн кийин биз адегенде аскерлер жашаган жатаканаларды көрүп, аларга көрүлгөн шарттар менен тааныштык. Андан соң аскердик базанын башкы командачысы полковник Ранди Ки менен жолугуштук. Баш командачы базынын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, айрым суроолорго жооп берди. Анын айтымында, учурда “Манас” аба майданында үч өлкөнүн өкүлдөрү бар:
- Бул жерде АКШ, Испаниядан жана Франциядан келген аскерлер бар. Алардын жалпы саны 1200 гө жетет.
Мындан бир нече күн илгери Ганси аскердик базасында жайгашкан аскер учактары абадан Кыргызстандын аймагына 80 тонна күйүүчү май төгүп жибергени жергиликтүү массалык маалымат каражаттары тарабынан кабарланган. Буга байланыштуу “Азаттыктын” кабарчысынын ушундай маалымат чынбы, мындай аракеттер өлкөнүн жаратылышына тескери таасирин тийгизбейби, деген суроосуна мындайча жооп берди:
- Чынында эле үстүбүздөгү жылдын 24-25-сентябрында ушундай окуя болду. Биринчисинде 40, экинчисинде да 40, баш аягы сексен тонна күйүүчү май абадан төгүлдү. Мындай көрүнүш өтө сейрек кездешүүчү нерсе. Качан аскер учагынын бир жери иштебей, учуусу оорлоп, жерге коно албай калганда ушундай кадамга барууга аргасыз болобуз. Мындай көрүнүш дүйнөлүк практикада колдонулат. Бул өтө бийик жерде, чоң ылдамдыкта учуп баратканда жасалгандыктан күйүүчү май жерге түшпөй бууланып кетет. Ал жаратылышка эч кандай терс таасирин тийгизбейт, - деп жооп берди, аталган базанын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы, капитан Давид Мей. Анын айтымында, аталган аскердик база Кыргызстандын аймагында дагы белгисиз убакытка чейин турушу ыктымал:
- Чынында мен биздин бул жерде дагы канча турарыбызды так айта албайм. Менин оюмча, биз бул жерде кыргыз өкмөтү канча убакытка чейин уруксат беришинче, ошондой эле эл аралык күчтөр террористтердин толук мизин майтарып бүткүчөктү турабыз.
Андан соң,биз аскердик базанын учактары жайгашкан жерде болдук. Аскердик базанын өкүлүнүн айтымында, өткөн апатада “Манас” аба майданынан Ооганстандын аймагына ар кандай максатта сексен жолу аскер учактары учушкан. Алар Кыргызстандын аймагынан Ооганстандагы аскерлерге тамак-аш кийим кече, ок даары, күйүүчү май жеткирип турушат.