Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

Орусия менен Казакстанга Кыргызстандан электр кубатын сатуу баалары кайра каралышы мүмкүн


БИШКЕК. 8-октябрда Бишкек ТЭЦинде премьер-министр Феликс Кулов кышкы мезгилге даярдыктар боюнча жумушчу жыйынын өткөрдү. Ага шаар мэри, «Электр станциялар» акционердик коомунун, «Көмүр» мамлекеттик ишканасынын, энергетика боюнча агенттиктин, каржы министрлигинин жетекчилери катышты. Жыйында маалымдалгандай, буга чейин Бишкек ТЭЦине 120 миң тонна көмүр Каракече көмүр кенинен алынып келиши пландаштырылган. Бирок бүгүнкү күндө ал жерден 12 миң тонна гана көмүр алынып келинди. Феликс Кулов «Көмүр» ишканасынын жетекчиси Пайзулла Рахмановду кызматынан бошотуу маселесин көтөрө тургандыгын билдирди. Жыйында Орусия менен Казакстанга Кыргызстандын электр энергиясын азыркы баалар менен экспорттоону кыскартуу керектиги тууралуу айтылган пикирлерди премьер-министр колдоду.

XS
SM
MD
LG