- Кармаштын басыла элек кайсы бир очоктору калды. Жумурият ички иштер министрлигинин үчүнчү бөлүмүндө кармашып аткан очокто, тилекке каршы, барымтага алуу бар. Башка коркунуч туудурар эч нерсе жок.
Түш оой президент Владимир Путиндин алдына келген ИИМ биринчи орун басары Александр Чекалиндин маалыматында, кармаш кечээ түндөн башталган жана анын акыры жакында бүтөт. Эки тараптан тең жоготуу бар:
- Жалпы алганда, 50дөн ашык бандит жок кылынды. Биздин жоготуу 10-12 кишиге жетет.
Албетте, бул жерде жарадар болгондор айтылган эмес. Кабарда-Балкар ордо калаасында колуна курал алып кол салгандар менен федералдык күчтүн кармашында жарадар болгондор туралуу РБК сыналгысына Налчиктен репортаж даярдаган Марина Чернышова буларды айтат:
- Окко кабылып өлгөндөр, жарадар болгондор абдан көп экенин, алар ошол ок тийген жерлерде жатышканын баары айтышууда. Ок атышуу ушунча тынбай жүргөндүктөн аларды ташып чыгуу мүмкүн болбой атат дешет, - деп айткан эле ал, Маскөө убактысы боюнча саат он төрттө.
«Эхо Москвы» үналгысы таркаткан эң соңку маалыматта Налчиктеги ооруканаларга жеткирилген жардар кишилердин эсеби 82ге жеткен, алардын ичинен он киши эсине келе албай атып, кайтыш болушкан.
Налчик азыр орусиялык федералдык аскерлердин курчоосуна алынган. Кабарда-Балкар жумуриятынын чегарасы жабылган. Ар кайсы агенттиктер таркаткан маалыматта куралчан согушуучулар Кабарда-Балкар ИИМ, ФСБ, федералдык аскерий полкко, милициянын жаш муундарын даярдоочу №5-мектепке жана Налчик учактар майданына кол салышкан. Андан тышкары баш калаанын Вольный аул, Александровский, Горный жана Долинский райондорунда ок атышууга чыгышкан. Ошондой эле түшкө жуук алар мобилдик байланыш станциясын жардырып салышкан.