Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун айтымында, өкмөт башчы Феликс Кулов үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында өлкөдө өлүм жазасын алып салуу боюнча токтомго кол койду. Ага ылайык, жакын арада адистер тарабынан мыйзам долбоору жазылып Жогорку Кеңешке сунушталат. Кыргызстанда 1998-жылдан бери мамлекет башчынын жардыгы менен өлүм жазасына жылына мораторий жарыяланып келет.
Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу өлүм жазасын алып салуу зарылдыгын мындайча белгиледи:
- Адам оор кылмыш кылса, аны бир ок менен өлтүрүп койсо мамлекет өзү адам өлтүргүч болуп калат. Экинчиден, ал кылмышкер жазадан оңой кутулуп жатат. Ошондуктан менин оюмча, кылмышкерди узак мөөнөттө камакта кармаш керек. Ал өмүр бою өзүнүн жасаган ишине өкүнүш керек.
Турсунбай Бакир уулунун айтымына караганда, 1998-жылдан бери Кыргызстанда 160дан ашуун өлүм жазасына тартылган атуулдар кармалып турушат. Аларга көрүлгөн шарт абдан начар, деп кошумчалады Акыйкатчы.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов өлүм жазасын алып салуу азырынча эрте деген пикирде:
- Мен өлүм жазасын алып салууга каршымын. Азыр эртерээк. Биз өлүм жазасын алып салгандан кийин, мындай атуулдарды өмүр бою кармай турган мекемелерди курушубуз керек. Ал эми биз 1998-жылдан бери өлкөдө сегиз утурумдук кармоо үйүн кура албай жатабыз. Түрмөлөрдө орун жетишсиз. Ал эми өзгөчө оор кылмышкерлерди биз кайда кармайбыз?
Ошол эле учурда айрым укук коргоочулар аткаруу бийлигинин мындай демилгесин колдошууда. Маселен, укук коргоочу Разман Дырылдаев кыргыз бийлиги өлүм жазасын алып салууга даяр болбосо да мындай кадамга барышы зарыл дейт:
- Бийлик даяр болсо, болбосо да өлүм жазасын алып салыш керек. Аны аткаруу үчүн түрмөлөрдөгү абалды оңдошу керек. Ал бийликтин аткара турган иши.
Ал эми Феликс Кулов жетектеген “Арнамыс” партия башчысынын орун басары Эмил Алиев болсо аткаруу бийлиги учурда түрмөлөрдөгү абалды оңдоого чамасы жок деген ойдо:
- Мамлекеттин учурда ошолорго шарт түзүп берүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Бирок мен киши өлтүрүүнү туура эмес көрөм.
Ошентип, аткаруу бийлиги тарабынан жакын арада өлүм жазасын алып салуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке сунушталмакчы. Ал эми кыргыз парламенти бул маселени колдоор-колдобосун убакыт көрсөтөт.