Азыр Кыргызстанда расмий каттоодон өткөн 60тан ашык саясий партия бар. Бирок алардын 20га жакыны гана саясатта белгилүү. Ал эми кайсы партияда канча аял бар экени көпчүлүккө табышмак. Муну партиялардагы аялдардын санын тактоо үчүн даректери анык, кеңсесинде телефондору бар партиялардан маалымат алууга кылган аракеттин майнапсыз калгандыгы айгинелейт. Ушундай көйгөйлөрдөн уламбы Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө камылга көрүп жаткан Конституциялык кеңешмеге бир катар коомдук уюмдар парламенттик шайлоо партиялык тизме менен өтө турган болсо, саясий партиялардан талапкерликке көрсөтүлгөн адамдардын тизмесинин экинчи сабында аялдар турсун деген жобону Конституцияга киргизүүгө сунушташты. Сунуш ээлеринин бири, «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун лидери Азиза Абдрасулова анын себебин мындайча түшүндүрөт:
- Эгер андай жобо жок болсо биз Кыргызстандын мамлекеттик башкаруусуна аялдардын катышын таптакыр жокко чыгарып алабыз. Азыр ушундай коркунуч күчтүү.
Сунуш «Саясий партиялар» жөнүндөгү мыйзамга киргизилсин деген жүйөө менен кабылган алынган жок. Бирок ал коомдун бүйүрүн кызытты. Бир даары мындай сунуш сөзсүз керек дешсе, бир даары аялдар андай камкордукка муктаж эмес дешет. «Сезим» кризисттик борборунун сунушту колдогон жетекчиси Бүбүсара Рыскулова мындай чара коомду көндүрүү үчүн убактылуу болсо да зарыл деген ойдо:
- Бул сунушту мен колдойм, бирок ал убактылуу болуш керек. Себеби, аялдардын бийликке келишине коом көнүш керек. Эгер тизме ушинтип түзүлө турган болсо аялдарга жол ачылат. Азыр тың аялдар көп. Бирок каражаттын жетишсиздигинен Жогорку Кеңешке депутат боло албай калып жатышат.
Ал эми «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясынын лидери Жыпар Жекшеев мындай жобо аялдардын укугун басмырлап, негизсиз саясатташкан аракетке айланат деп каршы:
- Ким депутат болушту шайлоочулар гана чечет. Ал эми аялдар үчүн саясий партиялардын эмнеси пайдалуу? Саясий партиялар аял шайлоочулардын добушун көп алууга абдан кызыкдар. Ошон үчүн алар талапкерлердин тизмесине көрүнүктүү коомдук ишмер болуп жүргөн аялдарды биринчи, экинчи же үчүнчү деле орунга кое беришет. Бирок мисалы «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясынын курултайын өткөрүп, депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүп жатабыз дейли… Биринчи орунга төрага катары Жекшеев деп мени көрсөтүп, добуш беришет. Экинчи орунда сөзсүз бир кыз болуш керек экен деп сунуш кылсам, аны делегаттар колдобой койсо мен эмне кылам? Себеби, партияда эмгеги сиңип иштеп жүргөн жигиттер да бар да! Демек, муну менен бардык принцип бузулуп жатпайбы! Ошондуктан, биз чыныгы лидер, күчтүү аялдарды партияга тартышыбыз керек. Андай аялдарды партиялар өздөрү эле көтөрүп кетишет. Алар мына ушундай жол менен гана шайланыш керек деген ойдомун. Ал эми экинчи орунда сөзсүз түрдө аялдар болсун деген жобо аялдардын көңүлүн жасалма түрдө буруп, колдоп жатабыз деген саясат болот. А чындыгында муну менен биз аялдарды басынтабыз. Ошондуктан, мен партияларга жол ачуу керек, а партиялар аялдарга жол ачат деген ойдомун.
Кыргызстандагы аялдардын саясаттагы ордун иликтеп жүргөн илимпоз, профессор Мариям Эдилованын баамында, саясий партияларда аялдардын санынын аздыгына жана алардын саясатта эркектер менен тең катар ат салыша албасына эң ириде улуттук мүнөз башкы кедерги. Бирок андан да күчтүү тоскоолдук саясий партиялардын саясий максатынын так эместиги жана элдин партиялык күрөш жөнүндө түшүнүгүнүн аздыгы деген бүтүмгө келген:
- Партия дегендин эң башкы максаты бийлик алыш, бийлик үчүн күрөш. Бийлик деген эмне? Ал өзүңдүн түшүнүгүңдү бирөөлөргө таңуулаш. Өзүңдүн оюңду бийлигиң болгондо гана бирөөлөргө таңуулай аласың. Демек, бийлик – бул өз көз карашыңды бирөөлөргө таңуулоонун мүмкүнчүлүгү менен жөндөмдүүлүк. Баарыбыздын жөндөмдүүлүгүбүз бар. Бирок мүмкүнчүлүк алыш керек. Мүмкүнчүлүк алыш үчүн партиялар оңолуш керек жана партия деген эмне экендигин эл жакшы түшүнүшү зарыл. Ошон үчүн элге партиялык түшүнүктү кеңири жайылтышыбыз керек.
Айрым саясатчылар саясий партиялардагы аялдардын орду менен ролун көтөрүү үчүн устав, программаларына атайын жобо киргизүү зарыл деген ойдо. Акыркы маалыматтарга караганда, азырынча мындай кадамды «Менин өлкөм» партиясы жасап, жайында өткөн курултайында партиянын жетекчилигинин жана депутаттыкка көрсөтүлгөн талапкерлердин тутумундагы аялдардын саны 30 пайыздан кем болбосун деген жобону уставына киргизди.