Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад Түркмөн президенти Сапармурат Ниязовду Иранга сапар менен келип кетүүгө чакырды. Чакырууну Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки Ашгабадда Ниязовго тапшырды. Түркмөн телекөрсөтүүсү аркылуу көрсөтүлгөн Ниязов менен Моттакинин жолугушуусунда түркмөн газын сыртка чыгаруу, Каспий деңизин бөлүштүрүү жана Түркмөнстандын өнөр жайын реконструкциялоого Ирандын катышуусу жөнүндө маселе талкууланган.