"Кызыл чырым жана кызыл жарым ай" уюму - эң көп Нобел сыйлыгын алган уюм. Аны 1864-жылы негиздеген Жан-Анри Дюнан 1901-жылы Нобел сыйлыгына татыган, андан кийин уюм өзү дагы үч жолу - 1917, 1944- жана 1963-жылы Нобел сыйлыгын алган. Уюм негизинен согуш учурунда жарадар болгон же туткунга түшкөн аскерлердин жана согуш учурунда жапа чеккен карапайым калктын укуктарын коргойт.
Уюмга азыр дүйнөдөгү 192 мамлекет жана башка аймак мүчө, бирок Израил сыяктуу айрым мамлекеттер ага кошула элек. Ошондуктан уюмдун жетекчилиги жакында атайын чечим кабыл алып, анын белгилери - кызыл чырым менен кызыл жарым айды алып салып, аларды кызыл кристалл менен алмаштырууну чечти. Бул маселеге арналган атайын жыйын Женева шаарында 5-6-декабрда өткөрүлөт.
Израилдин жапа чеккендерге жардам көрсөткөн "Маген давид адом" деген уюмунун өкүлү Хайим Дагандын айтымында, "Кызыл чырым жана кызыл жарым ай" уюмунун жаңы эмблемасы кабыл алынаары менен Израил ага мүчө болуп кирет:
- Уюмдун расми эмблемасы катары кызыл кристалл кабыл алынганда - мен ойлойм, ал окуя жакын арада болот - биз ал уюмга дароо мүчө болуп кошулабыз.
Жакында эгемендүүлүккө жеткен жана калкынын жарымын мусулмандар, калган жарымын болсо христиандар түзгөн Эритрея мамлекети дагы эми Кызыл чырым уюмуна кошулушу мүмкүн. Уюмдун басма сөз өкүлү Антонелла Нотаринин айтымында, анын мурда кошулбай жүргөнүнүн себеби дагы белги маселеси менен байланыштуу болчу:
- Эритрея мамлекетинде кайсы эмблеманы - кызыл чырымды же кызыл жарым айды кабыл алыш керекпи деген талкуу көптөн бери уланып келет. Башка да айрым мамлекеттерде христиандар да, мусулмандар да жашайт, андан тышкары, кээ бир башка өлкөлөр такыр башка себептерден чырым же жарым айды белги катары кабыл алуудан баш тартып келишкен.
Жан-Анри Дюнан өзү Швейцариянын жараны болгондуктан, 1864-жылы уюмду негиздеп жатканда, анын эмблемасы катары кызыл чырымды тандап алган. Бирок анын үлгүсү менен башка мамлекеттерде да окшош уюмдар түзүлө баштаганда, айрымдар чырымды четке каккан, мисал үчүн 1906-жылы Түркияда түзүлгөн уюм "Кызыл жарым ай уюму" деп аталган, Иран болсо өз уюмун "Кызыл арстан менен күндүн уюму" деп атаган.
1923-жылы Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай уюмдары биригип, эл аралык кыймыл түзгөн. Бирок мисал үчүн, Израил - мусулмандардын белгиси жарым айга каршы болгондуктан ал кыймылга кошулбай келген. Эки Нобел сыйлыгына уюм - эки дүйнөлүк согуш учурунда туткунга түшкөн жана жарадар болгон адамдарга эбегейсиз жардам көрсөткөнү үчүн татыган, 1963-жылы болсо үчүнчү сыйлык ага - табигый кырсыктардан жапа чеккендердин абалын оңдоого жардамдашканы үчүн берилген.