Мындан бир жыл мурда ушундай мазмундагы мыйзамды республикачылар үстөмдүк кылган Сенаттан өткөрүү мүмкүн эмес эле. Бирок учурда түзүлгөн абалда бул республикачылардын колунан келген эң жумшак чара болуп калды. Анткени акыркы убакта америкалыктардын арасында Буштун Ирактагы согушуна нааразы болгондор көбөйүүдө. Иракта согуш башталгандан бери Америка 2100 аскерин жоготту.
Бирок ошону менен бирге эле республикалыктар үстөмдүк кылган Сенаттын Бушка жан тартканы айкын болуп калды. Буштун партиялаштары демократ сенаторлордун америкалык аскерлерди Ирактан чыгаруунун болжолдуу графигин аныктоо талабын өткөрбөй койушту. Америкалык аскерлер чыгып кетээри менен козголоңчулар Ирактын өкмөтүн төңкөрүүгө аракеттенет деген Буш андай графикке караманча каршы каршы болуп келген.
Шейшемби күнү Сенатта сүйлөгөн сөзүндө сенатор Жон Ворнер демократтардын сунушуна каршы дал ушундай аргументтерди келтирип, бул анын жеке эле пикири эмес, көпчүлүк сенаторлордун көз карашы экенин билдирди:
- Мыйзам биздин Ирак боюнча позициябызды ачык билдирип турат. Ал биз өзүбүзгө тийешелүү ишти аткардык, калганын өзүңөр бүткөрүүгө тийишсиңер, дегенди билдирет.
Бирок мындай пикирге демократтардын лидери Харри Рейд Ирактагы аскерлерди чыгарып кетүүгө көндүрүү үчүн Буштун администрациясын айдактап туруу керек, деп жооп кайтарды. Сенатор Бушту Ирактагы америкалыктарды адаштырып отуруп, согушка колдоо алган, андан соң абал өзгөргөндөн кийин да ийкемдүүлүк кылган эмес, деп айыптап, Ирактагы саясаты үчүн Бушка ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү талап кылды.
Рейддин айтымында, анын демократтары сунуш кылган мыйзам долбоору деле Буштан аскерлерди чыгарып кетүүнүн конкреттүү графигин талап кылбайт. Бирок ошентсе да мыйзам аскерлердин Ирактан тезирээк чыгарылып кетишине огожо болуп бермек:
- Иракты толук суверендүү өлкө катары кароого жана Ирактын өзүнүн күчү менен биздин аскерлердин өлкөдөн чыгарылып кетишине жол ачкан шарттарды түзүүгө убакыт келип жетти.
Сенаттын шейшемби күнү кабыл алган мыйзамын президент Жорж Буш кубаттоо менен каршы алды. 16-ноябрда Японияда сүйлөгөн сөзүндө ал мындай мыйзамдын кабыл алынышына абдан курсант болуп турганын билдирип, Ирактагы аскерлерди чыгарып кетүүнүн графиги мыйзамда талап кылынбаганына кубанып турганын жашырган жок.
Айрым эксперттер Ирактагы аскерлерди чыгарып кетүүнүн графигин ачыктоо чоң катаачылык болот, деп эсептешет. Мисалы Буштун элдешкис оппоненттеринин бири, аскердик тарыхчы, отставкадагы полковник Кеннет Аллард андай графикти түзүүнүн өзү Иракты көтөрүлүшчүлөрдүн колуна салып берүүгө тете боло турганын айтат. Кезинде Буштун Ирак согушуна караманча каршы чыккан Аллард азыркы жагдайда Ирактагы абалды турукташтыруу үчүн өлкөгө кошумча аскер жиберүү керек, деп эсептейт. Анын пикиринде, Ирактын өзүнүн аскерлери машыгуудан өткөрүлүп, ирактыктар өздөрүн-өздөрү коргоого кудуреттүү болмойун, америкалык аскерлерди Ирактан чыгарып кетүү жөнүндө сөз кылууга болбойт.